Menu

Астанадагы Сирия боюнча сүйлөшүүлөр ийгиликсиз аяктады

Бөлүшүү:

Астанадагы Сирия боюнча жаңы сүйлөшүүлөр ийгилик жараткан жок, бирок ортомчулук милдетти аткарып жаткан Орусия, Түркия жана Иран ок атышууну токтотуу режимин бекемдөө боюнча иш алып бара беришерин белгилешти.

Сириядагы жаңжалдашкан тараптардын ортосундагы пикир келишпестиктерди жоюуга ушуну менен экинчи жолу аракет жасалды. Астанадагы жолугушуу БУУнун ортомчулугу алдында Женевада 23-февралда өтө турган сүйлөшүүлөрдүн алдында өттү.

Сирия өкмөтү жана козголоңчулар жекеме-жеке жолугушуудан кайрадан баш тартышты. Бардык тараптар катышкан 40 мүнөткө созулган жыйынтыктоочу сүйлөшүүлөрдүн соңунда бирдиктүү билдирүү кабыл алынган жок.

Анын ордуна Башар Асаддын тарапташтары болгон Орусия менен Иран жана козголоңчуларды колдогон Түркия бирдиктүү байкоочу топ түзүүгө макулдашты. Топ бир жарым ай мурун жарыяланган элдешүү жараянынын аткарылышын камсыз кылууну көздөйт.

Көтөрүлүшчүлөрдүн делегациясын баштап келген Мохаммед Аллуш бул жолугушуудан дээрлик эч бир жыйынтык чыкпаганын билдирди. Ошол эле маалда ал куралдуу оппозиция Москвадан бир нече убада алганын баса белгиледи. Орусия оппозициянын көзөмөлүндөгү райондорду аткылоону токтотууга, саясий себептер менен түрмөгө отургандарды бошотууга жардамдашууга сөз берген.

Орусия менен Иран Сирия боюнча бул сүйлөшүүлөр бир айга жетпей кайра жанданарын маалымдашты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 + = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: