Пакистандын түштүгүндөгү суфиттердин Лал Шахбаз Каландар мовзолейиндеги жардыруудан 70тен ашык киши курман болуп, 150дөн ашууну жарадар болду.
Бийлик курмандыктардын саны өсүшү мүмкүн экенин билдирүүдө. Маалыматка караганда, кол салууну Сехван-Шариф шаарындагы суфиттердин ыйык жерине сыйынууга келген адамдардын арасындагы жанкечти жасаган.
Кол салууга «Ислам мамлекети» террордук тобунун Пакистандагы бөлүмү жоопкерчилик алды.
ММКлар окуяны акыркы бир нече жыл ичиндеги эң кандуу кол салуу деп сыпатташууда. Радикал исламчылар суфизмди динден чыккандар деп эсептешет.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ