Menu

Азимбек Бекназаров: “Атамбаев олигархтардын бийлигин орнотуп койду. Мындан кийин бей-бечаралар депутат боло албайт”

Бөлүшүү:

Азыр Атамбаев олигархтардын бийлигин орнотуп койду. Жогорку Кеңешке кирем, депутат болом деген ар бир райондун байлары чогулат да “Кыргызстан” сыяктуу партия түзө коюшат да 200 -300 миң доллардан жыйнашып, шарт депутат болуп келип олтуруп алышат. Тизмесин Атамбаев өзү бекитип берип жатат. Демек биз байлардын бийлигин алып келдик. Анткени азыр ошондой учур болуп калды. Акчаң болбосо эл шайлабайт. Мына, биз “Азаттык” партиясы менен шайлоого бардык го, бизди эл тиктеп да койгон жок. Исмаил Исаков, мен, Бөдөш Мамырова жана башкалар бардык. Көргөн да жок, ай деп кол шилтеп койду. Текебаев болсо бизден айрымаланып, заманга жараша кайра жаралуу жасады, акчалууларды кошту. 2010-жылы партиялаштары “кокуй, жалаң байларды жыйнап алды” деп кыйкырышты, бирок башка жолу жок да. Дүйнө боюнча ошондой болуп жатпайбы. Трамп менен Хиллари кандай миллиондогон долларларды шайлоого коюп жатышат. Биз да ушундай жолго кеттик. Атамбаев ушул жолду күчтөндүрүп койду. Мындан кийин бей-бечаралар депутат боло албайт. Азыр байлар жыйналып, партия түзөт да, 500 миң доллардан ташташып, шарт бийликке келип алышат. Мына, мисалы Данияр Үсөновдун аялы эч жакка үгүткө барган жок, акчасын сууруп чыгып “мына акча, мени “золотой” тизмеге киргизип коёсун” деди.  Акылбек Жапаров, Кубанычбек Жумалиев жөн эле акчасын таштап коюп, “золотой” болуп олтурушат.  Биз мына ушуга кеттик. Эмки шайлоодо мындан да катуу кетет… Азыркы Жогорку Кеңеште олтурган депутаттардын 15-20 сы дегеле Кыргызстанга салык төлөгөн эмес, анткени Казакстанда, Россияда бизнес жасап, байып келип акчасын берип депутат болуп олтуруп калышты…. Эки революция тең өз максатына жеткен жок.

Булак: “Сентябрь ТВ”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 22 = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: