Menu

Акүй «орусиялык тыңчылар менен болгон байланыш» тууралуу маалыматты четке кагууда

Бөлүшүү:

Акүй аппаратынын башчысы Райнс Прибус Дональд Трамптын шайлоо өнөктүгү маалындагы штаб кызматкерлеринин орусиялык атайын кызматтар менен байланышкандыгы тууралуу эч нерсе билбей турганын айтты. Бул тууралуу ал NBC телеканалына берген маегинде билдирди.

Прибус президенттин улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Майкл Флинндин Орусиянын АКШдагы элчиси Сергей Кисляк менен байланышы тууралуу айтып жатып, Флинн орус тарап менен болгон телефондук сүйлөшүүсү жөнүндөгү маалыматты жетекчилигинен жашырганын билдирди. Андан сырткары Прибус New York Times гезитинин 14-февралда жарык көргөн санындагы макаласы боюнча пикирин билдирди. Анда басылманын атайын кызматтагы булагы Орусия чалгыны менен байланыш түзүү боюнча тергөө иштери Флиннге гана эмес, Трамптын айланасындагы башка адамдарга да тиешелүү экенин билдирген. Ишембиде Reuters агенттигинин булагы бул маалыматты ырастаган.

New York Times басылмасынын маалыматына караганда, 2016-жылы АКШ чалгыны республикачылардын штабынын өкүлү менен Орусия чалгынынын жогорку кызматтагы адамдары жана орусиялык аткаминерлердин ортосундагы телефондук сүйлөшүүлөрдү жаздырып алган. Бул тууралуу америкалык Politico басылмасы менен Улуу Британиянын Би-би-си телеканалы билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 87 = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: