Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин кичүү күйөө баласы Отабек Умаров өлкөнүн жаңы түзүлгөн ММА федерациясынын президенти болуп дайындалды.
Жергиликтүү маалымат каражаттарынын кабарлашынча, Умаров мушкерлер менен жолугуп, бирге машыгуу өткөрдү.
Быйыл октябрдын башында UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов Өзбекстанда мушташ өнөрлөрүнө үйрөткөн академия ачууга ниеттенип жатканын билдирген.
Шавкат Мирзиёевдин кичүү күйөө баласы быйыл мартта өлкөнүн триатлон федерациясынын төрага орун басары болуп шайланган. Мындан тышкары ал президенттин коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ