Menu

Саппородо Азия кышкы оюндары

Бөлүшүү:

10-февраль күнү мамлекеттик жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинде Япониянын Саппоро шаарында өтө турган Азия кышкы оюндарына катыша турган кыргыз спортчуларын салтанаттуу түрдө узатуу аземи болду.

Спорттун 11 түрүнөн (биатлон, тoo лыжасы, керлинг, коньки, лыжа жарышы, трамплин, сноуборд, көркөмдөп муз тебүү, фристайл, шайба менен ойнолуучу хоккей жана шорт- трек) 64 комплект байге үчүн 29 мамлекеттен 1500дөн ашуун спортчу күч сынашууга камданып турган чагы. Ал эми кыргыз спортчулары болсо хок­кей, көркөмдөп муз тебүү, биатлон, тоо лыжасынан барышат. Албетте, кыргыз спортчулары Саппоро шаарын сапырып келет дегенден алыспыз. Бу жерде бир гана үмүт хоккейчилерде бар. Калгандары эл аралык мелдеште тажрыйба гана топтоп кийинки мелдештерге көздөрү ачылып келишин каалап турабыз. Спорт агенттигинин ди­ректору Канат Аманкулов Жапонияга аттанып аткан атлеттерге ийгилик каалоо менен бирге тиешелүү кийим-кечек менен камсыз кылды. Андан сырткары, каражат маселесин да чечип берди. Бу жолу кышкы Азия оюндарына кетип аткан спортчуларга бюджеттен 9млн. 634 миң сом бөлүндү.

Кезектеги 8-Азия кышкы оюндарына бара турган адамдардын тизмеги төмөндөгүдөй:

Канатбек Арпачиев – делегациянын жетекчиси, Кубаныч Эрмеков, Нурдин Султамбев – пресса.

Хоккей боюнча улутгук курам: Эсен уулу Аман, Урмат Шейшеналиев, Абылмечин уулу Канат, Дуулат Абышев, Атай Исмаилов, Салмоорбек уулу Залкарбек, АдилетЖоокаев, Бекназар Паизов, Саламат Тыналиев, Таалай Сүйүнбаев, Уран Турсунбеков, Адис Качкынбеков, Кызабек уулу Адилет, Айбек Шакиров, Артем Семилетко, Олег Колодий, Владимир Ничупуренко, Даниил Шушенков, Нуржан Ибраимов, Антон Кудашев, Павел Сазонов, Элзар Болотбеков, Ринат Мустафаев, Анвар Оморканов – Хоккей федерациясынын президенти, МуратбекЖакыпов – баш машыктыруучу, Жыргылбек уулу Адилет – укалоочу, Талантбек Сарымсаков – доктур.

Биатлон курамы: Кундуз Абдыкадырова, Тариэль Жаркымбаев, Нурбек Доолатов, Наталья Левданская, Алек­сандр Левданский – машыктыруучу.

Көркөмдөп муз тебүү: Лаура Исма- гулова, Александра Нестерова, Елена Швеймер – машыктыруучу.

Too лыжасы: Максим Гордеев, Ев­гений Тимофеев, Ольга Палюткина, Дариха Мураталиева, Игорь Борисов – машыктыруучу

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 − 34 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: