Кыргызстан менен Орусия 2018-2021-жылдарга карата экономикалык кызматташуу программасын иштеп чыгат. Макулдашуу соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөт аралык комиссиясынын 19-отурумунда кабыл алынды.
Жыйында соода багытындагы эки тараптуу мамилелер талкууланды. Тараптар кыргыз продукцияларын көбөйтүүнү, ишканалардын тизмесин кеңейтүүнү макулдашты.
Отурумда 2014-2017-жылдар аралыгындагы экономикалык кызматташуу программасынын аткарылышынын ийгиликтүү тараптары белгиленди.
Кийинки жыйын 2018-жылы Бишкекте өтөт.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ