Бириккен Араб Эмиратынын Шарджа шаарында бразилиялык джиу-джитсу боюнча «Sharjah international pro jiu-jitsu championship» аталышта эл аралык мелдеш болуп өттү. Мында ЖКнын мурунку депутаты Данияр Тербишалиев 36 жашка чейин кимоно кийим менен 75 килограмм салмак чениндеги баскычта өз күчүн сынап, баардык атаандаштардын, анын ичинде финалга чыккан эргулду денесин ооруксунтуу ыкмасында багынтып мелдештин чемпиону болду. Данияр менен кошо барган Бекаяр Эгембердиев 29 жашка чейинки баскычтагылар арасында да 1-орунду камсыз кыла алды. Үчүнчү алтын медалды Муртазали Муртазалиев багынтты.
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ