Menu

Тогуз толготуп, комиссия төрөлдү

Бөлүшүү:

2010-жылы ал кездеги юстиция министри болгон Аида Саляновага “Адвокаттык лицензияны мыйзамсыз узарткан” деген таризде арадан алты жыл өткөндөн кийин Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду. Бул тууралуу азыр Ала-Тоонун ар бир айлындагы аксакал кишилерге эле эмес, мадыра баш тестиерлерге чейин белгилүү бо­луп турат. Андай “ рекламаны” КТРдан жана башка маалымат булактарынан бийликтин камчысын чапкандар айта берип өздөрү көбүрттү. Кайран “бөрк ал десе баш алгандар” ай… Ошол узартылган лицензияны алды деп жаткан адвокат азыр Латвияда жашайт. Ал эми Латвия бийлиги “биздеги адвокаттар биздин мыйзамдардын негизинде берилген лицензия аркылуу гана иш жүргүзө алат. Кыргызстандын берген лицензиясы биздин өлкөдө жараксыз” деген маанайда кат жөнөтүптүр. Мына ошол прибалтикалыктар “жараксыз” деген лицензиянын өзөгүндө А.Саляновага тигинтип кылмыш козголуп, ал кайра-кайра суракка чакырылгандан улам өткөн жумада парламентте анын маани-маңызын анализдеп көрүү максатында айрым депутаттар тарабынан депутаттык комиссия түзүү сунушу айтылган. Бирок, Жогорку Кеңеште жоон топ, төрага өзү баш болуп кетенчиктеп туруп алышты. Бери болгондо коомчулукка ошондой түр жаралды. Мурдагы күнү бул маселе кайра козголду. “Эмне үчүн А.Салянова Башкы прокурор болуп турганда бул ишти козгобойсуңар? Качан гана ал азыркы бийликке оппозиция болгондон кийин иш козгоп жатасыңар?” “Парламенттин да бул маселеде үңкүйүп олтурганы, демек биз кимдир бирөөдөн коркуп жатабызбы, болбосо буга чейин башка иштерге деле далай жолу комиссия түзбөдүк беле?” деген сыяктуу суроолор калыңдап кеткенден уламбы төрага маселени добушка коюуга мажбур болду. Ошентип, аталган комиссияны түзө албай тогуз күн толготкон Жогорку Кеңеште акырында эки депутат гана карты чыгып, 105 депутат “комиссия түзүлсүн” деген макулдугун беришти. Бир айлык мөөнөт менен түзүлгөн ал комиссия неги­зинен бир гана суроонун өзөгүндө иликтөө жүргүзмөй болушту. “А.Саляновага козголгон кылмыш ишинде саясий мотив барбы же жокпу?” деген.

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 31 = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: