«Энергетика тармагы энеңдин оюну эмес» деп бир эргул Жогорку Кеңештен дагы бирөөнү «окутту» эле го. Ошол сөз бүгүнкү күнгө таамай келип турат. Өзгөчө Айбек Калиев деген мырзага. Дегеним, өткөн жуманын башында Нарын жергесинде митинг болсо, андан кийин Токтогул районунда митинг болуп өттү. Негизги себеби электр энергиясына болгон төлөмдүн кымбат чыгып келип жатканы болууда. Электр тармагынын эки тизгин, бир чылбырын тажрыйбасыз Айбек Калиев деген «молокососко» берип коюп, баарын талкалап бүтмөй болдук. Же «сүт ооз» Калиев калк алдына чыгып, анык кепти айтып коё албайт. Абал кыйын, Айбек мырза, эмне демекчисиз?
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ