Menu

Адилет Айтикеев, журналист: “Президент Алмаз Атамбаевди токтоосуз кызматтан кетирүү керекпи? Эмне үчүн?”

Бөлүшүү:

Мындай сунушун белгилүү журналист Адилет Айтикеев “Фейсбуктагы” баракчасына жарыялап, президенттин буга чейинки кетирген катачылыктары үчүн аны кызматтан кетирип, ал тургай абакка салуу себептерин тизмектеп жазып жарыялады.

Алмазбек Атамбаев өкмөт башчы жана президент болуп иштеген жылдары ал мамлекетибизге орду толгус кылмыштарды жасады. Санап айтсак:

  1. 2011-жылдан бери Кыргызстандын жылдык бюджетиндеги танкыстык жылына 25 миллиард сомдон түшпөй келатат. Бул сумма жалпы бюджеттин 4төн бир бөлүгүнөн кем эмес. Демек, Кыр­гызстан 4 дөңгөлөктүү араба болсо, анын бир дөңгөлөгү жок эле жүрүп баратат деген сөз. Бул танкыстыктарды жабуу үчүн мамлекеттин тышкы карызы Ички дүң продукциянын 60 пайызын түзүп, 4 миллиард долларды түзүп калды.
  2. Кыргызстандын газ системасын Россияга бекер берип жиберди. Анын айынан газ жана жанармай жаатында орустардын кыңк эттирбей башкарган үстөмдүгү орноду. Атам­баев “Кыргызгаз” ишканасын 1 миллиард доллар турган мүлктөрү менен кошо Россияга белекке берип жиберди. Муну менен катар газдын жана жанармайдын баасы күн санап өсүүнүн үстүндө.
  3. 2010-жылдагы төңкөрүштүн бирден бир себеби аталган электр энергия баасы чыккынчылык менен көтөрүлүп баратат. Ошону менен бирге бул тармактагы коррупциялык схемалар Ширшов деген адамдан Атамбаев деген адамга өттү.
  4. Аскар Акаевди жана Курманбек Бакиевди аңга түрткөн уурулар менен бандиттерди Атамбаев Ак үйдүн 7-кабатына чейин алып барып, мамлекетти алар кайрадан тоноп жатышат. Мисалга Сарпашев, Сапар Исаков, Сегизбаев, Карашев, Калиев ж.б. иттин кара капталынан бетер мамлекеттин тешик казынасына суук колун матырып отурушат.
  5. Канчалаган кыргыздын жигиттерин өлтүрүп, кулагын кесип, кыздарын зордогон Азиз Батукаев деген кылмышкер эч суроо сопкутсуз кызыл көрпө төшөлгөн VIP коридор менен абактан чыгып, учак менен кичи мекенине узатылды.
  6. Президент Атамбаевдин Молдовада афера менен айыпталган Илон Шор аттуу шылуун менен байланышы аныкталып, президент кызматтык эти-каны жана мыйзамдарды бузуп, белгисиз адамдын жеке учагы менен ары бери учуп жүргөнү шардана болду.
  7. Туңгуч президент Аскар Акаев Алмазбек Атамбаевдин шылуундук жол менен акча уурдап байыганын расмий түрдө билдирип интервью берди. Бирок ал боюнча эч бир мамлекеттик расмий органдардан эч кандай реакция болгон жок.
  8. Атамбаев бийликке келген жылдар ичинде ондогон оппозиционерлер камакка алынып, куугунтук көрүп келе жатышат. Мамлекеттик бийлик бутактарын анын көңдөй баш, бирок көздөй адамдары ээлеп алышты. Атам­баевдин жеке каалоосу менен өкмөт жарым жыл, бир жыл сайын алмашып, мамлекеттик бийлик ди­кредитация болуп бүттү. Башмыйзамдын талаптарын олуттуу түрдө бузуу менен Башмыйзам күчтөп алмашылды. Кыргызстан коррупция өнүккөн дүйнөдөгү алдыңкы 30 өлкөнүн ичине кирди. Тышкы саясатыбыз толугу менен Кремлге көз каранды болуп калды.

Мына ушундай президент Алмазбек Атамбаевдин түздөн түз аралашуусу менен жүргүзүлгөн саясаттын негизинде Кыргызстан дээрлик бардык тармактар боюнча ондогон жылдар артка кетти.

 

Булак: “Майданkg”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − 57 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: