Дача-Судагы авиакырсыкта жабыркагандар үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ачкан атайын банк эсебине 91 млн. сомдон ашуун акча каражаты түшкөндүгү белгилүү болду. Учурда акча топтоо дагы эле улантылууда. Кайрымдуу мекендештерибиз каалаган акча биримдиги менен акча каражатын аталган эсепке которсо болоору да маалымдалды. Ал тургай бул акча каражатына жооптуу адамдын да аты коомчулукка белгилүү болуп, анын кызматтык телефонунун номеринен бери элге анык болду. Эл го акча каражатын колунан келишинче чогултат дечи. А бирок ошол акча каражаты кырсыктан жабыркагандардын колуна тийсе эле болду. Биздикилер сугалактанып суук колдорун салып жиберишчү эле, кайгы-капа, ар кандай кырсыктарга, кайдыгер карашып…
Булак: “Багыт.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ