Орусиянын Муфтийлер кеңеши Сауд Арабия бийлигине кайрылып, Борбор Азиядан келген эмгек мигранттарга Орусиянын квотасы боюнча ажылык зыяратка уруксат берүүнү өтүндү. Ыйык сапар үчүн бул өлкөгө 20,5 миң орун бөлүнгөнүн кеңештин башчысы Равиль Гайнутдин билдирди.
Макулдашууларга ылайык, Сауд Арабия өлкө калкынын санына жараша ар бир мамлекетке ажылык зыярат үчүн квота берет. Ар бир миллион кишиге миң орун бөлүнөт.
“Сауд Арабия королдугу европалык өлкөлөр үчүн айрым жеңилдиктерди берет: Европага жашоо жана иштөө үчүн келген эмгек мигранттары ажылык үчүн виза алышат. Алар ошол өлкөнүн зыяратчылары менен бирге ажылык сапарга чыга алышат. Биз дагы эмгек мигранттарга квотанын бир бөлүгүн берүүгө даярбыз. Алар буга укуктуу”,– деди Гайнутдин.
Муфтий сунуш колдоо тапса, квота боюнча мигранттардын ичинен 200дөн 400гө чейинки адам зыяратка бара аларын айтты. Кеп ажылык сапар эле эмес умра жөнүндө да болуп жатканын белгиледи ал. Кеңештен маалымдашкандай эмгек мигранттары көбүрөөк дал ушул кичи ажылыкка барууну каалашат.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ