Menu

Максим Бакиевдин менчик мүлкү эмнеге 7 жылдан бери мамлекетке өткөрүлбөй “революционерлердин” чөнтөгүнө иштеп келатат?

Бөлүшүү:

22-февралда серепчи Бакыт Бакетаев Бишкекте өткөргөн маалымат жыйынына Максим Бакиевдин Бишкектин Скрябин көчөсүндөгү 45-45А дарегинде жайгашкан 1,2 гектар аянттагы жер участогун жана кыймылсыз мүлкүн 2010-жылдан бери иштетип келаткан  “Ата-Мекен” партиясынын мүчөсү Нурсеит Бектурсуновду ээрчитип келди.
“Максим Бакиевдин мүлкүн өткөндө айтылгандай Болот Шерниязов эмес, мына ушул жигит, Нурсеит Бектурсунов иштетет экен” деп билдирди серепчи Бакыт Бакетаев.

Мындан бир жума мурун, 15-февралда Бакыт Бакетаев менен Укук коргоо органдарынын координациялык кеңешинин эксперттик тобунун төрагасы, БШКнын мүчөсү, Юридика илиминин доктору Кайрат Осмоналиев экөөсү ушул эле жерде маалымат жыйын өткөрүшүп, “ал Максим Бакиевдин мүлкүн 2010-жылдан бери атамекенчилер Болот Шерниязов менен Садык Шерниязовдун иниси Баткен Шерниязов иштетип келатат. 7 жылдан бери түшкөн киреше мыйзам чегинде эсепке алынбайт” деп билдиришкен. Айрым эксперттер ал жерден түшкөн кирешенин суммасы эң эле кеминде 2 млн доллардан ашат деп эсептей коюшкан.

Ал эми Баткен Шерниязов кыргыз ММКларына интервью берип, “ал жерди 2010-жылы досторум менен талоондон сактап калганбыз, антпесе эбак эле сатып жиберишмек, ошондо сата албай калгандар менден өч алганы жатышат, кийин ал жерди прокуратура Нурсеит деген балага убактылуу кайтарууга өткөрүп берген” деп түшүндүргөн.

Болот Шерниязовдор менен болгон таласча-жердештерче “разборкадан” кийин серепчи Бакыт Бакетаев эми атамекенчи Нурсеит Бектурсуновду жетелей келип, “ал жердин Шерниязовдорго тиешеси жок” деп атайын маалымат жыйынын өткөрдү.

Нурсейит Бектурсунов болсо “ал жерден айына 25-30 миң доллар эмес, 25-30 миң сом гана табабыз” деп билдирди. Ал эми журналисттердин “Сиз “Ата-Мекен” партиясынын мүчөсү болосуз да?” деген суроосуна “ооба, болгом, бирок 2010-жылдан кийин партиядан чыгып кеткем” деп жооп берди.

Бирок Нурсеит Бектурсунов өзү ал кезде “Ата-Мекен” партиясындагы Шерниязовдор группировкасына киргенин ал жерде моюнга алып айткан жок. Ошондой эле ал кезде улутташтырылган Бакиевдердин мүлктөрүн тескеген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк  министри Шералы Абдылдаев да Шерниязовдордун группировкасында болгону жана алар аркылуу гана министрлик кызматка дайындалган айылдашы экени да айтылбады.

“Манас” кинотеатрынын 2010-жылдан кийин Шерниязовдордун карамагына өтүшүнө мамлекеттик мүлк министри Шералы Абдылдаев менен өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаеванын ролу али иликтенип,  юридикалык, моралдык баасын ала элек.

Максим Бакиевдин Скрябин көчөсүндөгү 45-45А дарегинде жайгашкан кыймылсыз мүлкү кандайча атамекенчилердин көз кырына илинип калган?  Билермандардын айтуусунда Болот Шерниязов ал жерге жакын жерде, коңшу жашагандыгы себеп эмеспи?

Кыязы Максим Бакиевдин бул 7 жылдан бери эмнегедир мамлекеттин карамагына өткөрүлбөй жеке адамдар иштетип келаткан менчиги кыйла сырлардын бетин ача тургандай болуп калды.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: