Menu

Бишкектин 11-кичи районундагы карьердин ордуна 5 миң орундуу концерт залы, спорт комплекси курулат

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын 11-кичи районундагы карьердин аймагы көп функционалдуу борборго айланат. Бул тууралуу КР Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Алардын айтымында, долбоор мэрия жана КР Экономика министрлигинин алдындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору тарабынан ишке ашырылат.

Маалыматка ылайык, атайын жарыяланган сынакта соода борбору, 5 миң орундуу концерт залы жана спорт комплексти камтыган долбоор утуп алды. Демилгечилер бул долбоор ишке ашса, эл жыш жайгашкан райондо курулган борбор көптөгөн конокторду өзүнө тартарына ишенет.

“Мамлекеттик каражаттардын чектелгендигин эске алып, курулуш иштери инвестицияларды тартуу жана мамлекеттик жеке өнөктөштүктүн эсебинен жүргүзүлөт. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк келишими 30 жылга түзүлөт ”, – деп айтылат билдирүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 25 = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: