Menu

Темирбек Мамбеталиев, пенсионер: “Тозоктон келген пенсия”

Бөлүшүү:

2965 сом. Мына 40 жыл иштеп, болгондо да оор жүк ташуучу машине айдап, кыштын кыраан чилдесинде, жайдын ысык аптабында элге керектелчү жүктөрдү ташып жүрүп арка-бел, эки тизе, колу-бутту суукка алдырып ашуу ашып, бел басып, караңгы түндө Алла оозума келип тапкан пенсиям ушул. Эми бул арбак урган 2965 сомду кимисине жеткизем?.. Квартирага төлөймүнбү, кийим-кече аламбы, көмүр, свет, газ, мусоргочу?.. Той-топур деген болот, тамак-аш, балдарымчы?.. Өзгөчө неберелер алдымдан чуркап тоссочу? Деги койчу, пенсияга чыкпай өлүп эле калсамчы… Ал эми эмичи, жылуу-жумшак жалаң эт менен майдын үстүндө сый-урмат менен кирди-чыкты иштеп очойгон пенсия алгандар кьштыйып бул замандын ырахатын көрүшүп күндө майрам, күндө той, бизге окшогондорго сын тагып, сын көз менен карашып теңине албай, “тыңыраак кийинип албайбы” дегендей карашат. Туура, “кийим адамдын көркү” деп коюшат эмеспи, мен атамдын башына кийинемби 2965 сомго? Моюнга алыш керек, алган пенсиям күйүттү басыш үчүн күнүмдүк аракка, тамекиге эле араң жетет. Мындан башка бул акчага мен эмне кылышым, эмне иш бүтүрүшүм керек? “Вот” бомжулук кайдан жаралат, күйгөнүңдөн айтасың да. Эми карагыла, жанагы Соцфонд деген немеңер кайра эле пенсияга байкушка-байкуштай, байга-байдай кошуп жатса эмне дейсиң, күйбөгөн жериң күл болобу? Бул өзү калыстыксыз жана наадандык. Эми пенсия чектөөдөгү негизги элементгерди карап окуп көрөлү. “Пенсиянын өлчөмү ар бир жарандын пенсиялык фондго төлөгөн төлөмүнө көз каранды. Камсыздандыруу эсебине топтолгон көлөмдөр канчалык көп болсо, пенсия ошончолук жогору болот. Туптуура, мында кеп жок. Мына ушул жерден эң талылуу жерди айтып коёюн. Эсеп палата, Соцфонд, эми чычалабай угуп тургула. Социализм тарагандан кийин быжырап көбөйүп кеткен азыркы жеке менчик ишканаларда, фирмаларда иштеген карапайым жумушчулардын Соцфондго төлөмдөрү алар аркылуу төлөнүп атабы? Аны Эсеп палатасы текшерип жатабы? Жок! Мына ушул жерде кеп жатат. Себеби бизнести колдош керек, алар өркүндөп-өссө жумуш орду болот, аларды ар тараптан текшерүүнү токтотуш керек деп парламентте болобу, өкмөттө болобу какшап, куурап, жаагы жанып бизнес ээлери безеленип жатканын көрөсүң. Кызыкчылык мына ушул жерде. Себеби ошол жерде отургандардын бардыгынын бизнеси барлар. Бизнеси болбосо, сырттан акча түшүп турбаса ким депутат боло алат, менби? Демек ошол бизнесмендердин мекеме-ишканасында, фирмаларында иштеген жумушчуларга Соцфондго которсо бир аз көрсөткүч менен которот, болбосо жок. Ал эми өздөрүнө олчойто которот дечи, себеби пенсияга чыгаарынын алдын алышат. Тиги байкуштарга “пок” жок. Соцфондго которбой, жумушчуларга айлыгын түз берсе фирманын ээсине “выгодно”. Анткени жумушчу­ларга “Мына көрдүңөрбү, силерге көп төлөп жатам” деп коркок билиш кылып алат. Бул бир, экинчиси фирмадан акча Соцфондго бекер кетпейт. Анан ал байкуш жумушсуз калбаш үчүн келээрки пенсиясына кайыл болуп иштей берет. Убакыт өтө берет, анан менин кейпимди киет. Бул капитализмдин эң пайдалуу бир бөлүгү. Бизнес ээлери Ак үй менен көк үйдү ээлеп, эл үчүн ак ниеттери менен иштеп жаткандай көрүнүшүп, эс-дарты өз жумуштары ме­нен алек болуп, бизнестери үчүн өлүп-талып ошол жактан колдоо көрсөтүп, фирмасында иштеген жумушчуларды алардын балдары менен аялдары тейлеп, жумушчулардын терисин тескери сыйрып иштетип, пайда көрүп күндөн-күнгө байып, чирип баратышат. Бул байлык деген немец адамды “хамелеон” кылып коёт экен. (Курсташтарым бар). Жомоктордо деле байлардан түк жакшылык күтпө” деп бүтүрүшөт жомокторун. Байларды кеп кылган себебим, кара­пайым элдин пенсиялык фондусу кумга сиңген суудай болуп, жер алды менен байлардын байлыгына кошулуп жатканын жогоркулар Соцфонд билбей, билгиси да келбей жаткандыгында. Мына ушуну айтайын дегем. Муну дыкат текшерип чыкпаса, карапайым жу­мушчуларга чоң болбосо дагы, бир аз өзү ыраазы болгудай пенсия чыкмак. Пенсиялык бум мынчалык болмок эмес. Жанагы интернет деген немеңер көрсөтүп жатат. 1012 эле дүйнөлүк олигархтардын байлыктары планетадагы жашаган 7-8 миллиард элдердин бакубат жашоосуна ашыгы менен жетет деп. Муну окуп алып, биздин олигархтардын кокосунан алып эле жыгылгым келди. Анткени капиталисттик олигархтардын бери болгондо 200 жылдык тарыхы бар. А биздин олигархтар социализм тараар замат эле беш-он жылдын ичинде байып чыга келишпедиби. Бул кандай, кантип, кайдан болмок эле? Капиталистгик олигархтар менен кыргыз олигархтарынын айырмасы рейдерлик, мародёрлук ошол эле. Темадан алыстап кеттим окшойт, а дейбизби, бу дейбизби, карапайым биз пенсияны каткан нандан кыл сууруп жатып тозок менен алсак, ак кол, ак чүчтөр мындай эле. Бул макала жекече башталганы көпчүлүк келээрки пенсионерлер үчүн жазылды.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: