Кезинде үчөө бир машиненин ичинде “чоңоюп” шоопур Икрам, жансакчы Эркин, шефи Атамбаев ысыкта да, суукта да бир болгон. Бирок, бийлик, байлык дегениң адамдын уят-сыйытын да ала салдырып салган шумдук нерсе окшобойбу. Дегенибиз, шоопур Икрам А.Атамбаев бийликке келгени чоңоюп-чочоюп, куржуну да кампайып дегендей, иши кылса “ити чөп жей баштайт”. Эркин болсо өз оокатын өзү кылып кетет. Анан эле күндөрдүн бир күндөрүндө Кожоюн Икрамга далысын салып коюптур деген сөз чыгып, ал учурда Эркин Мамбеталиевдин аброю биринчи кишинин астында наоборот өсө баштайт. Андайда адатта “сфера влияние” деген оюн башталат эмеспи. Ушул себептерденби, мурдагы шоопур мурдагы жансакчынын жолун торогонго аракетин баштайт. Бул тууралуу буга чейин ММК беттеринде экөөнүн тиреше кетип, анда олбурлуу Эркин Икрамды ордуна коюп койгону туурасында маалымат тараган. Эки эрендин ортосундагы ал тирешти “экономикалык разборка экен” делип айтылып калган. Бирок, ошол “жабылуу аяк” жабылган бойдон калбай, жакында “Эркин Мамбеталиевдин машинесин ИИМдин алдындагы ГУБОПтун атайын отрядынын кызматкерлери токтотуп, машинесин айып стоянкасына, Э. Мамбеталиевди ИИМдин ичиндеги убактылуу жайга алып кетиптир” деген дагы бир маалымат тарады.. Тар чөйрөдө айрымдар муну Икрам ИИМ министри Улан Исраиловдун колу менен Эркиндин артынан “бычак урду” деп түкшөмөлдөшүүдө. Эгер чын эле ошондой болсо Улан Исраиловдун жигиттик бедели төмөн түшкөнүнүн белгиси эмеспи? Себеби, Уланды бир кезде Көлдүн бир айылынын бурчунан Эркин алып келип, өзүнүн карамагында жумуш берет. Агартат, көгөртөт дегендей. Кыскасы, ал Э.Мамбеталиевдин ошол жакшылыгынын айынан ушул даражага жеткени айтылат. Жогоркудай жоруктардан кийин учурда Эркин көп адамдардан көңүлү калып, баардыгын Жаратканыма койдум деп өзүн сатып кеткендерден көңүлү кайт болуп жүрөт дейт. Эгер Икрам ийри оюндарын дагы да уланта берсе, анда ал кийинки жолу Эркинден эмес, Кожоюндун өзүнөн келтек жеп калбас бекен…
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ