КР Жогорку Кеңешинин “Ата-Мекен” фракциясынын депутаты Алманбет Шыкмаматов бүгүн, 24-февралда ага каршы ачылган кылмыш ишинин алкагында УКМКга суракка барып, эрте менен саат 10.30.да кирген боюнча кечки саат 19.50. дө чыкты. Бул тууралу бизге Сөз эркиндигин коргоо комитетинин директору Адил Турдукулов билдирди.
Ал эми жарандык коомдун өкүлдөрү, атамекенчи депутаттар, жаштар керели-кечке УКМКнын алдында митинг өткөрүшүп, саясый куугунтуктоону, жалаа жабууну, оппоненттерди каралоону токтотууну, УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевди кызматтан кетирүүнү талап кылып турушту.
Митингичилердин арасында атамекенчи депутаттар Каныбек Иманалиев, Аида Салянова, Садык Шерниязов, Бахадыр Сулайманов, Наталья Никитенко, Айсулуу Мамашевалар жүрүштү.
Бийлик депутат Алманбет Шыкмаматов 2011-жылы КР Эсеп палатасында иштеп туруп, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, аялына катталган өзүнүн машинасын кымбат баада мамлекетке сатып, акчасын алып, анан ал машинаны кызматтык машина катары өзү минип жүргөн деп айыптоодо.
Булак: Кyrgyztoday.kg
Видео: Сентябрь
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ