Menu

Урмат Барыктабасов менен Асель Эшимбекова кантип табышкан?

Бөлүшүү:

Урмат Барктабасовдун жаңы посту:

“Эч качан багынба!
Никогда не сдаваться!
Асель экөөбүз кантип таабыштык.
Менин апам Чаекте өсүп чоңойгон. Апам айтчы “Татыбүбүлөр биздин маңдайыбызда турчу” деп. Үйдө апам менен Таттыбүбү эже чогу түшкөн сүротү бар эле.
Бир күнү кино көрдүм “Махабат дастаны” деген. Кечке карап отурдум…  Аселди биринчи жолу ошондо көрдүм. Сүйүп калган окшоймун..
Бир күнү студент болуп жүргөндө балдар менен паркка барып калдык. Карасам ошол жерде жүрөт подружкасы менен Асель.
Биз балдар менен ээрчип алдык. Анан алар тролейбуска түшүп кетти. Биз машине менен артынан ээрчип алдык. Анан эле кыздар жок болуп кетти. Карайлап таппай калдык.
Андан кийин мен ишкер болуп иштеп жатканда, “Ыссык-Көл” ресторанына Кубан деген досум экөөбүз тамак ичели деп кирип калдык. Кирсек Асель бир подружкасы менен отуруптур.
Мен сразу тааныдым. Официантты чакырып “эмне тамак заказ кылышты?” десем “мындай эле салат-малат заказ берди” деди. Мен официантка айттым “ай биринчисин да экинчисин да жеткирип бер, акчасын мен төлөймүн, бирок мени айтпа” дедим. Официант тамактарды жайнатып жеткирди. Кыздар сурады окшойт “бул эмне тамак?” деп..
Официантты чакырып “ай кыздар эмне деди” десем “тамактын керек жок”деп айттышты деди.
Мен”дагы жакшы эмне тамак бар,алып бар”дедим.О шентип тамашалышып отурдук. Кыздар эстери ооп ким жөнөтүп атканын тапай отурду.
Анан мен досума айттым”ай сен эми Аселдин телефонун мага таап бер”сүйлөшөйүн”деп..
Ал кезде бакылдап турган чагым болчу. Бир күнү досум телефонун таап берди.
Телефондон сүйлөшүп баштадым. Бир күнү үйүнө толтура гүл сатып алып жеткирдим. Бир дүкөндөгү гүлдү бүтүн бойдон сатып алгам. Эки машине менен жеткиришти.
Ошентип отуруп эптеп тамака чакырдым. Ресторанга барганда баарын төкпөй-чачпай айтып бердим. Асель мени карап”аябай издеген экенсин”деп күлдү. Ошентип сүйлөшүп жүрдүк.
Мен Бишкеке көчүп келдим. Үйдү Аселдин үйүнүн жанынан сатып алдым. Мен Аселге айттым”ай экөөбүз баш кошуп алалы”деп.. Асель күлдү да минтип айтты “сенин үй бүлөөң бар, анан сен байсың, эл айтат Асель байга тийип алды акчасына карап деп”.
Ошентип ары бери болуп жүрө бердик. Аселге суктанган адамдарды ордуна койдум.
Көп өтпөй бийлигибиз кубалап жүрүп банкрот кылышты.
Анан мен Аселге айттым”ай мына кудай сен экөөбүз баш кошсун деп мени банкрот кылды”десем Асель күлдү.
Мен айттым “сен айттың эле кедей болсоң баш кошолу”деп,эми давай убадаңа тур”деп мен Аселди сөздөн кармап жөөлөдүм.
Ошентип Асель экөөбүз баш коштук. Баш кошуутой Иссык-Көлдүн Жууку деген жерде үч-төрт адам менен өткөрдүк. Кортеж эшек араба болду. Ошондо Асель айтты “вот теперь настоящая у нас с тобой любовь”деп, себеби мен полный банкрот болуп, бир тыйын акчасы жок отуруп калгам.
Бирок досторум сааналаштарым көп болчу. Жуукуда бир айдан ашыгыраак болдук.
Ат минебиз, кымыз, көлгө барып сууга түшөбүз иши кылып баарын унутуп жыргадым.
Асель экөөбүздүн бактылуу күндөрүбүздүн бири болду ошол кез.
Кайта күзүндө Балыкчыга келдик. Үй жок, кайда барабыз. Квартира снимать этели десек, Аттокур деген байкем бар ал “биздикине тургула” деп айтып калды… Выбора не было.
Асель экөөбүз Аттокур байкеникине Пионерский көчөсүндөгү үйгө бир комнатасына көчүп кирдик.
Көчкөндө деле эмне эки сумка киймибизден башка эч нерсе жок болчу. Мирбек Атабеков мамасы менен кошуна болчу ал кезде.
Баягы бакылдап отуруп, асманда вертолет, самолет, Сингапур, Европа деп, эч нерсе жок болуп калганда адам жаман болот экен.
Ангыча болбой мени бир Прядкин деген адам издеп жүрүптүр. Көрсө ал менден солярка алып, акчанын ордуна үйүн берейин деп издеп жүрүптүр.
Мен барып жолуксам Урмат “баягы солярканын акчасынын ордуна үйүмдү албайсынбы”, деп суранды. Мен ал солярка деле эсимде жок.
Мен “көрөлүчү” деп үйүнө бардым. Аябай жакшы үй экен. Прядкин мурун Ыссык-Көл областынын обкомдун экинчи секретары болчу.
Ии, кудай берет деген ушул экен деп макул дей салдым.
“Качан бошотуп бересиңер?” десем “хоть эртең” дейт. “Макул давай оформить этели” деп нотариуска барып Аселге үйдү оформить эттик.
6 комнат жер там асмандан түшүп калды. Асель экөөбүз көчүп келдик. Үйдө эч нерсе жок. Асельдин эжекеси төшөк, көлдөлөң жасап койуптур, ошону көтөрүп келди.
Аттокур байке эки кашык, эки вилка, эки тарелка, эки чыны, бир кастрюля берди, баары эски болчу. Ушул байлык менен Асель экөөбүз жаңы жашоону баштадык.
Аселдин курсагында Кубат деген уулубуз бар. Эки ай болуп калды. Асель мени сооротот “баары жакшы болот, көп ойлонбо” деп. Мен “эми кантем?” деп ойлонуп отуруп калчумун да.
Бир жумадан кийин мен Аселге айттым “ай, эми экөөбүз отура бергенде болбойт. Мен четке кетейин тигилер жан койбойт, иш да кылдырбайт. Казакстанга барып иштеп келейин” деп Алматыга сапар алдым. Чөнтөктө бир тыйын жок жол тосуп жөнөдүм. Балыкчынын четинен бир КАМАЗ токтоп калды, “шаарга чейин ала кетиниз”, десем “макул, отур” деди. КАМАЗга түшө электе “байке, акчам жок” десем “отур” деди..
Жолдон кобурашып баратып төкпөй чачпай камазистке баарын айтып бердим, банкым бар эле, түрмөгө бир ай жаткыргандарын, кантип банкрот кылышты, түрмөдөн өлтүрөбүз дегендин баарын айттым, бугумду да чыгардым.

Баягы камазист бир убакытта карасам ыйлап КАМАЗды айдап баратат.
“Ай, сизге эмне болду?” десем, “Мен сени тааныдым. Сен Урмат турбайсынбы” деди. “Булардын баарын соттош керек, убактысы келгенде жооп беришет” деп күпүлдөдү.
Мен “ооба, Урматмын” дедим, “кабатыр болбонуз байке, муну да көрүп кой деп кудай сыноо берсе керек” деп айттым, “муну да көрөлү”.
Токмоктон КАМАЗ айдаган киши мага тамак алып берди. “Жолдон курсагың ачат тамактанып ал” деп. Ошентип Бишкеке келдик. Обьезднойдон түшүп калып экөөбүз коштоштук. Канат байке дагы ыйлап жиберди. Ал ыйласа менин да көзүмөн жаш агып туруп алды. ыйлап жибердим.
“Мен ушул күнгө чейин ыйлаган эмесмин, түрмөдөн да ыйлаган эмесмин, акчамды тартып алышканда да ыйлаган эмесмин, сиз ыйлаттыныз” десем болбой ыйлады.
“Мен сага ишенем, сен кайта бутуңа туруп келесиң” деди тиги киши. КАМАЗ айдаган Канат байкенин чөнтөгүндө анча-мынча акчасы бар экен. “Ме” деп мага берди жолго жетчүдөй. “Кереги жок” десем болбой, ал деп болбой чөнтөгүмө салды. КАМАЗдын сиденьесинде куртка илинип турган ошону сыйрып, мага берди “ме, күн суук үшүп каласын киийп ал”, деп. Мен болбой “кереги жок” десем болбой кийгизип салды. Канат байке аты жөнүңүздү жазып бериңиз, мен сизди кийин таап алам деп сурадым. Жазып берди. Кийин экөөбүз Алматыдан жолуктук, бирок ыйлабады.
Ал кетти мен обьезднойдо калдым.  Алматыга жол тосуп баштадым.. Төрт саат дегенде полуприцеп КАМАЗ токтоп калды.. “Куда?” деп сурады? Шоопур орус экен. “Алмата” десем “садись” деди. Отуруп кеттим, Алматыга кечинде жеттим. Туруп-туруп “кайда барам эми?” деп ойлонуп отуруп телефон автоматтан бир доско чалдым, ал “кел” деп айтты. Бардым . Түнөп алып эртен менен досторума жөнөдүм. Ошентип жаны жашоо жаны доор башталды мен үчүн..
Акчам жок, бирок тажрыйбам, окуган китептерим, өзүм менен болчу.
Сүйгөнүңөргө жеткиле!

Урмат Барыктабасов

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: