Кечээ, 27-февралдан 28-февралга караган түнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн ӨКМ министри Дүйшөн Чотоновду 2 айга камакка алуу чечимин чыгарды.
УКМК Дүйшөн Чотонов 2010-жылы ӨКМ министри болуп турган учурунда алдамчылыкка жана жемкорлукка аралашкан, орусиялык бизнесмен Леонид Маевскийдин “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге 1 миллион доллар пара берүүсүндө ортомчу болгон деп айыптап жатат.
Сот 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн ӨКМ министри Дүйшөн Чотоновду УКМКнын СИЗОсунда 25-апрелге чейин камоого өкүм угузду.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ