Аз күн мурун Бишкек шаарында марафон болуп, спикер Жумабеков баш болгон “жел тамандар” чуркашпадыбы. Бийлик-сийлиги, оппозициясы жана карапайым эли аралашып эле калышкан. Ошолордун ичинде баягы “Бажагейттин” каарманы Иманкадыр Рысалиев да жүгүрүп, марага 25-орунда келгенин досторуна жар салып бүтө албай жатыптыр. 63 жаштагы, пайгамбар курактагы Иманкадыр Рысалиев кантип эле миңдеген жаш балдардан озуп, алдыңкы орунда келип калды? Кызыгы, башында чуркамыш этип, анан параллель кеткен көчө менен машинага отура калып, марага жакын калганда кайра капталдан чыга калган жокпу? Эмнеси болсо да, көпчүлүктүн астында жүрүшү менен куттуктайбыз. Иманкадыр Рысалиев негизи ак көңүл, шайыр-шатман жүргөн киши эмеспи, ошол күнү борбордук аянттан так текедей секирип, адатынча бийлеп жиберип атканы видеого түшүп калыптыр. Карыганда илхам келип атса, ары жагындагы курту “сооло” элек окшойт. Баракелде! Дагы бир бизге жеткен маалыматтар боюнча, каарманыбыз уялаш бажасы Мухамметкалый Абылгазиев боюнча компроматтарды алып чыгары, үстүнөн “бомба” жарары боюнча каңкууланууда. Бул жагынан кызыктарды гезиттин кийинки сандарында күтсөңүздөр болот.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ