Menu

Абдиль Сегизбаев Сооронбай Жээнбековдун тарабына өтүп, ага кызмат кылууга даярбы?

Бөлүшүү:

Акыркы жеткен маалыматтар боюнча, Жогорку Кеңеш толугу менен Атамбаевдин сыйкырынан ойгонуп, жаңы бийлик орногонуна көздөрү жетиптир көпчүлүк депутаттардын. Көпчүлүк коалициясы эртең-бүрсүгүнү ыдырап тарай турган абалга жеткени жашыруун эмес. Исаковдун өкмөтүн кетириш үчүн аны менен чырлашып, жарга такоонун деле кереги жок экен. “Аны менен алышып жүрөбүзбү?” — ​деген пикирин ачык эле бир топ депутаттар айтып жүрүшөт. Жаңы премьер-министрликке күчтүү талапкер такталары заматта же балким ал макулдашууну деле күтпөстөн, Алтынбек Сулайманов жетектеген “Бир Бол” фракциясы коалициядан суурулат деп айтылууда. Анда эле ошол замат өкмөт отставкага кетип, “технократтар” И.О. болуп калышат да. Албетте, кандайдыр бир сценарий болуп кетиши мүмкүн — ​ал фракциялардын тилин таап, президентти көндүртүп, кайтып келиши. Бирок биздин угушубузга караганда депутаттардын бирөөсү дагы Сапардын премьер болуп калуусун колдобойт. Ага караганда Абдиль Сегизбаевдин балким УКМК жетекчилигинде калаар шансы жогору. Анткени ал азыр толугу менен Сооронбай Жээнбековдун тарабына өтүп, ага кызмат кылууга даярдыгын көрсөтүп жатыптыр.

Келерки өкмөт деле өтмөк өкмөт болоорунан шек жок. Сооронбай Жээнбеков дагы жакшы бийлигине кире элек. Күзүндө ал өзүнүн пландарын жарыялап, жаңы чечкиндүү реформаларды сунуштап, “элдик ишеним” өкмөтүн түзүү пландары бар экени айтылууда.

Башкы прокурор Индира Жолдубаева дагы өз ыктыяры менен эмки жумада кете турганы, болбосо депутаттардын үчтөн экиси аны жылдык отчётунун жыйынтыгы менен кетирүүгө даяр экенине шек жок. Жакында эле А.Атамбаев “Республика” фракциясынын жетекчиси Р.Казакбаевди мактап койду эле, аны эртеси күнү жыга чабышты. Айтор, азыркы Жогорку Кеңештеги кырдаал, күн сайын эмес, саат сайын өзгөрүп, бийлик чынында эле Атамбаевден ооганы акыркы күндөрдүн эң чоң сенсациясы болуп калды!

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 9 = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: