Menu

Каримовдун жээни эркиндикке чыкты

Бөлүшүү:

Өзбекстан президенти Ислам Каримовдун бир тууган жээни Жамшид Каримов абактан чыкты. Бул тууралуу ЕККУнун Сөз эркиндиги боюнча өкүлчүлүгү маалымат таратты.

ЕККУ Жамшид Каримовдун түрмөдөн чыгышын кубаттап, өзбек бийлигинен темир тор артында жаткан башка журналисттерге – Юсуф Рузимурадов, Салижон Абдурахманов жана Дилмурод Сайидге дагы азаттык берүүнү өтүндү.

49 жаштагы Жамшид Каримов 2016-жылы инсульттан каза тапкан Өзбекстан президенти Ислам Каримовдун бир тууган жээни. Ал 2005-жылы камалган, сот журналистти психиатриалык клиникага жаткыруу чечимин чыгарган. 2011-жылы ал бошотондук алып, бирок кийинки жылы бийликтин көрсөтмөсү менен кайрадан оорканага жаткырылганы белгилүү болгон.

Туңгуч президент Ислам Каримовдун жээни, журналист Жамшид Каримов мурда Жызак облусунда жашаган. 2000-жылдан тарта эл аралык медиа менен кызматташа баштаган. 2004-жылы сөз эркиндигин коргоп, цензурага каршы чыккан жана ушул темада бир катар сын макалаларды жазган.

Журналист азыркыга чейин Ислам Каримовдун өлгөнүн билбей турганы кабарланууда.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 59 = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: