Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Конституцияга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча мыйзам долбооруна кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады. Бир күн мурун Конституциялык кеңеш документ Баш мыйзамга карама-каршы келбейт деген бүтүм чыгарган.
Конституциядагы өзгөртүүлөргө ылайык, айрым президенттик ыйгарым укуктар өкмөт менен парламентке өтөт.
Баш мыйзамга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү боюнча долбоор 3-мартта парламентке жолдонуп, ушул жуманын башында колдоо тапкан.
Казакстандын азыркы Конституциясы 1995-жылы бүткүл элдик референдумда кабыл алынып, кийинчерээк ага бир нече жолу өзгөртүүлөр киргизилген.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ