Menu

Мэрияга Сөз эркиндигин колдоо жүрүшү боюнча маалымдама берилди

Бөлүшүү:

18-мартта Сөз эркиндигин колдоо жүрүшү болору тууралуу Бишкек шаар мэриясына маалымдама берилди. Бул тууралуу иш-чараны уюштуруучулардын бири Эдил Байсалов билдирди. Анын айтымында, билдирүү мэрияга 10-мартта берилген.

Сөз эркиндигин колдоо жүрүшүнүн багыты Бишкектин түштүк тарабындагы Жеңиш паркынан Ак үйгө чейин деп болжолдонууда. Иш-чарага “Көз карандысыз журналисттер союзу” да кошуларын маалымдашкан.

“Биз туруксуздукту каалабайбыз! Биз “кетсин” деген ураан менен чыкпайбыз. Биз эркин шайлоо менен быйыл ноябрда президентти кайра шайлашыбыз керек. Бирок биз 18-мартта жүрүшкө чыгып, өз эркибизди билдирбесек, быйылкы президенттик шайлоо болоруна да кепилдик жок”, — деп айтылат уюштуруучулардын билдирүүсүндө.

11-мартта президент Алмазбек Атамбаев билдирүү жасап, “кийинки кезде Кыргызстанда эркин сөрөй журналисттердин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана саясатчылардын бир ууч тобу басма сөз эркиндигине жамынып алышып, иш жүзүндө өздөрүнө жакпаган адамдарды, биринчи кезекте, бүткүл эл шайлаган эгемендүү Кыргызстандын президентин ашкере ушактоого жана ага көө жабууга өтүштү”, деп билдирген.

Мамлекет башчынын бул билдирүүсү айрым саясатчылардын, жарандык коом өкүлдөрүнүн нааразылыгын жараткан.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − 37 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: