Menu

КРнын Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев  Жалал-Абаддагы Мед Лайн медициналык борборунун иши менен таанышты

Бөлүшүү:

Кечээ, 15-мартта КРнын Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев жана КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев Жалал-Абад шаарындагы Мед Лайн менчик медициналык борборунун иши менен жеринде таанышты. Бул туурасында өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады. Мед Лайн медициналык борборунун жетекчиси Жылдыз Кожалиева жаңыдан гана ачылып иштей баштаган менчик медициналык борборунун учурдагы иш аракеттери туурасында КРнын Саламактыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевге кеңири маалымат берди.

Аталган медициналык борбордун курулушу мындан эки жыл илгери башталган. Аны куруу максатында Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунан 230 миң доллар кредит алышкан. Учурда  бул ооруканада 26 дарыгер жана 7 медайымдар иштеп жатышат. Медициналык жабдуулар Швецария, Япония жана Германия мамлекеттеринен сатылып келинген. Оорукана жалпысынан 48 койка орунга эсептелген. Оорукананын башкы артыкчылыгы бул жерде заманбап акыркы үлгүдөгү эндовидеохирургия медициналык жабдуусу орнотулган.

КРнын Саламатыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев оорукананын ичин бир сыйра кыдырып, ал жерде дарыланып жатышкан бейтаптар менен аңгемелешти. Бул жерде иштеп жатышкан дарыгерлер менен медайымдарга бир катар сунуштарын айтып, калктын ден соолугун чыңдоодогу аракеттери кандай натыйжа берип жаткандыгы туурасындагы маселелерге кызыкты. Бул ооруканада бейтаптардын реаблитация мезгилиндеги эс алуу шарттарына дагы атайын көңүл бурулган. Оорукананын айлана тегерегин жашылдандыруу максатында баалуу бак-дарактар олтургузулуп жатат.

Өз кезегинде КРнын Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев өлкөбүздө ооруканаларга алардын менчигинин түрүнө карабастан талаптар бирдей катуу боло тургандыгын бул жерде иштеп жатышкан дарыгерлерге дагы бир ирет эскертти. Калктын ден соолугун коргоодо дарыгерлердин кесиптик даярдыктары жана бейтаптарга сылык жана кичипейил мамиле жасоонун мааниси абдан чоң экендигин белгилеп кетти. Дарыгер бейтаптарды жылуу сөздөрү менен дагы дарылоосу зарыл экендигин белгилеп кетти.

–    Биздин оорукана көп тарамактуу оорукана болуп саналат. Кардиохирургиялык оорулардан башка хирургиялык, акушердик-гинекологиялык операциялардын баары пландык негизде жүргүзүлөт. Бөйрөктөгү ташты талкалап түшүрүүчү уретроскоптук лазердик дарылоо ташка түз тийгизип талкалоо жолу менен жүргүзүлөт. Урологиялык жана ашказан ооруларын дарылоо япония өндүрүшүнөн чыгарылган медициналык жабдуулар менен ишке ашырылат. Невропаталогиялык оорулар боюнча дагы иш алып барабыз. Эң башкысы бизде өз кесибин терең аздектеп сүйгөн дарыгерлердин көбү медицина илимдеринин докторлору жана кандидаттары,- дейт Мед Лайн ооруканасынын жетекчиси Жылдыз Кожалиева.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 75 = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: