Жогорку Кеңештин “Республика – Ата-Журт” фракциясынын депутаты Табылды Тиллаев Бишкектин жолдорун оңдоого көңүл бурулбай жатканын айтып өкмөттү сындады. Баш калаадагы майда жолдор гана эмес, борбордук көчөлөрдүн абалы да талапка жооп бербей калганын билдирген депутат: «Борбордук көчөлөрдү көрүп киши уялат. Былтыр курулган көчөлөрдүн сапатын көргүлө. Эптеп эле куруп койгон. Мындайча айтканда, акча шамалга сапырылган», – деп каңырык түтөттү. Депутат бул боюнча жол курууга тиешеси бар уюмдардын жоопкерчилигин кароо талабын койду. Шаар мэриясы жолдорду оңдоо пландуу тартипте жүрүп жатканын, кемчиликтерди жоюу аракети бар экенин билдирүүдө. Расмий маалыматтар боюнча, 2016-жылы Кытай тарап менен Бишкектин жолдорун оңдоо боюнча макулдашуу түзүлүп, үч жыл аралыгында Бээжин 300 миллион юань грант бермек болгон. Бул каражат 44 миллион доллардан ашат.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ