2017-жылдын 1-апрелинде Талас областтынын жергиликтүү соттор арасында волейбол жана кичи-футбол боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу Талас облустук сотунун басма-сөз кызматы маалымдады.
Мелдешке Талас областтынын жергиликтүү курама командалары катышты. Мелдеш Талас райондук соту тарабынан уюштурулуп, мелдешке Талас областтык сотунун, Талас шаардык, Талас, Бакай-Ата, Кара-Буура, Манас райондук сотторунун курама командалары катышышты.
Мелдештин жыйынтыгында кичи-футбол боюнча Бакай-Ата райондук сотунун курама командасы, волейбол боюнча Манас райондук сотунун курама командасы байгелүү орундарга ээ болушту.
Байгелүү орундарды ээлеген курама командаларга дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ