Menu

Сооронбай Жээнбеков тийиштүү мекемелердин жетекчилерине фитосанитардык жана ветеринардык лабораторияларда берилүүчү сертификаттар боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин тапшырды

Бөлүшүү:

Атамекендик продукцияларды экспортко чыгарууда фитосанитардык жана ветеринардык лабораториялар тарабынан берилүүчү сертификаттардын процедуралары боюнча бизнес коомчулукка маалыматтык түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Мындай тапшырманы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы ишкерчиликти өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин жыйынында билдирди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү  маалымдады.

Жыйында мамлекет менен бизнестин ортосундагы диалогту жакшыртуу, лабораториялык инфраструктуралар жана сырткы соода кызматташтыктын процедураларын жеңилдештирүү боюнча маселелер талкууланды.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, Кеңештин алдында түзүлгөн аянтча мамлекеттик органдар менен бизнес коомчулукка конкреттүү жыйынтыктарды алып келүүдө. Кеңештин ишмердүүлүгүнүн алкагында ишкерчилик кылуу багытында оң жылыштар байкалганы белгиленип, мамлекеттик кызматтарды пайдаланган бир гана бизнес чөйрөсү Өкмөткө эффективдүү реформалардын буйрутмачысы катары эсептелинет.

Сооронбай Жээнбеков маалымдагандай, Кыргыз Республикасы үчүн Евразия экономикалык биримдигине киргенден баштап өлкөнүн айыл чарба продукциясын экспорттоо үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөр ачылды. Ал кошумчалагандай, бул багытта ишкерлер активдүү жумуштарды аткарып келүүдө жана Өкмөт тийиштүү бардык шарттарды түзүү зарыл.

Премьер-министр эскерткендей, республикада этап этабы менен эл аралык стандарттарга шайкеш келген фитосанитардык жана ветеринардык лабораториялар ачылып, курулуп жана модернизацияланып жатат.

2017-жылдын аягына чейин Кыргызстанда 13 фитосанитардык жана ветеринардык лабораториялар эксплуатацияга берилет. Мындан сырткары Ош жана Бишкек шаарларында реконструкциядан кийин эки чоң фитосанитрадык лабораториялар иштей баштайт. Бул максаттарга республикалык бюджеттен каражаттар бөлүнөт.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: