Польша өлкөсү 25 жылдык мөөнөткө 40 млн. евро насыяны 0,15% үстөгү менен берип жаткандыгын парламенттин Бюджет жана финансы комитетинде каржы министри Адылбек Касымалиев маалымдап, эми аталган каражат жеңилдетилген негизде фермерлерге 9% үстөк менен берилээрин жар салды. Депутат АйнуруАлтыбаева 0,15% үстөгү менен алынган насыяны фермерлерге 9% менен берүү калыстыкка жатпастыгын, ортодогу айырма чоң экенин айтты. Өз кезегинде министр Касымалиев Польша насыясы 25 жылдык мөөнөткө евро түрүндө алынып, фермерлерге сом түрүндө берилээрин, валюта күнү боюнча бардык тобокелдикти мамлекет өз мойнуна алып жатканын билдирди. Жыйын соңунда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитети кыргыз-поляк өкмөт аралык протоколдун долбоорун жактырды.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ