Menu

Улуттук Илимдер академиясынын окумуштуулары Белорусия илимдер академиясынын академиги А.Р.Цыганов менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кечээ, 18-апрелде УИАга Белорусия Мамлекеттик Технологиялык Университетинин биринчи проректору, Белорусия улуттук илимдер академиясынын академиги, айыл-чарба илимдеринин доктору, химия илимдеринин кандидаты Цыганов Александр Риммович келди. Бул тууралуу академиянын басма сөз кызматы маалымдады.

Жолугушуунун максаты Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын илимпоздору жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ортосундагы илимий байланыштар боюнча тажрыйба менен таанышуу. Ошондой эле Кыргызстандын окумуштуулары менен байланышты чыңдоо, биргелешип бакалавр жана магистрлерди, илимдин кандидаттарын даярдоодо, илимий изилдөөлөрдү алып баруу болду.

Александр Риммович Белорусия илимдер академиясынын бүгүнкү күндөгү абалы жөнүндө төмөнкүлөрдү айтып берди:

«Бизде азыр 6 миң окумуштуу илим менен алектенет. Азыр биздин изилдөөлөрүбүз космоско, квант механикасына, светодиоддор, наноматериалдарга басым жасалган. Аталган жана башка тармактарда көп ийгиликтерге жетүүдөбүз. Бүгүнкү күндө биз эл аралык кызматташуну кеңейтүү максатын көздөп жатабыз. Кыргызстанга да билим берүүнү эки өлкөнүн ортосунда өткөрүү жагын байкоо үчүн келдик».

Иш-чарага УИАнын академиги А.Акматалиев, корреспондент-мүчөсү А.Жунушев, Химия-технологиялык медицина-биологиялык жана айыл-чарба бөлүмүнүн окумуштуулары катышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 − = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: