КРнын эмгек сиңирген артисти Самара Каримовага Lexus NX200 үлгүсүндөгү унааны күйөрмандары белекке берди. Бул тууралуу ырчы өзүнүн Инстаграм баракчасына жазган.
“Абдан кубанычтамын! Менин күйөрмандарым эң мыкты! Чыгармачылыкты колдогон мыкты инсандар көп болсун! Жашоодо жакшы адамдар көп. Бактылуу, үлгүлүү үй-бүлө Бакыт аке Назира эже чоң рахмат!” – деп ыраазычылыгын билдирип жазган.
Видеодо көрүнгөндөй, Москвадагы Бакыт жана Назира аттуу мекендештер Самара Каримованын чыгармачылыгын сыйлап, ага темир тулпарды белекке беришкен. Алар Самараны Москва менен гана чектелбей Америка, Дубайга да концерт коюусуна тилектеш экенин айтышкан.
https://www.instagram.com/p/B7xmKCHnirq/
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ