Menu

Ысык-Көлдө 41 жаштагы эркек киши 11-12 жаштагы кыздарга карата сексуалдык аракеттерди жасаган деп шектелүүдө

Бөлүшүү:

Ысык-Көлдө эркек киши чогуу жашаган аялынын 11 жана 12 жаштагы кыздарына карата сексуалдык аракеттерди жасаган деп шектелүүдө.

20-апрель күнү “Юристтер адам укуктары үчүн” коомдук фонду кайдыгер болбогон Түп районунун жарандарынан жардам сурап кайрылышкан. Алар жашы жете элек кыздардын энесинин шериги тарабынан кыздарга сексуалдык зомбулук болгонун билдиришкен.

Маалыматтар боюнча, үй-бүлөдө 4 адам бар. Эң кичүүсү 5 айлык ымыркай. Бул окуя 17-апрелден 18-апрелге караган түнү болгон. 1979-жылы туулган И.С. кыздардын апасы мас болгон кезде, кыздардын кийимдерин алардын каршылыктарына карабастан, күч колдонуп чече баштаган. Ал кыздардын жыныстык органдарын кармалаган.

Кыздардын энеси балдарына кысым көрсөтүлүп жатканын көрүп, аларды коргоо үчүн эч кандай чара көргөн эмес, тескерисинче, кыздарын уктап калышын буйруган. Алдын ала маалыматтар боюнча, аял эпилепсия менен жабыркайт, анын психикалык саламаттыгына байланыштуу көйгөйлөр бар болушу мүмкүн.

Үй-бүлө облустун ыйгарым укуктуу социалдык бөлүмүндө каттоодо турат. Ошондой эле, анын кошуналары фонддун юристтерине Түп райондук балдарды коргоо бөлүмү көйгөй болгон үй-бүлөнү билип, эч кандай чара көрбөй тургандыгын айтышкан.

18-апрель эрте менен кыздар кошунасына арызданышып, болгон окуяны айтып беришкен. Андан кийин кошунасы аларды үйүнө алып келген.

Фонддун юристтери “Про боно” адвокаттары менен биргеликте окуя болгон жерге Ички иштер министрлигинин Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын жетекчисине билдирип, тергөө жана ыкчам топту кылмыш болгон жерге жөнөткөн. Зомбулукка шектелген жаран кармалган. Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. 

Ал шектүү КР Кылмыш жана жаза кодексинин 162-беренеси (жашы жете электерге карата сексуалдык зомбулук көрсөтүү) боюнча айыпталып жатат. Ал берене боюнча кылмышкер 10 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: