Menu

Жалал-Абад шаарынын аймагы суу каптоодон сакталды  

Бөлүшүү:

 

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына таянсак, шаардык мэриянын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад областтык башкармалыгынын адистеринин чогуу аракеттери менен шаарга караштуу Тайгараев аймактык башкаруусунун бир катар аймактары суу ташкындарынан сакталып калды. Бул тууралу Жалал-Абад шаар мэриясынын курулуш, транспорт жана коммуникация бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Руслан Жунусов билдирди.

Анын айтымында, 18-19-20-апрелдеги жааган жаандан улам чогулган суу ташкындары Көк-Арт дарыясынын Тайгараев аймактык башкаруусуна караштуу Кыргызстан айылына жакын 150 метрдей жээктерин жеп кеткен жана айылды суу каптоо коркунучу туулган. Суу ташкындарынын алдын алуу максатында шаар мэриясы жана Өзгөчө  кырдаалдар министрлигинин областтык башкармалыгынын адистери чукул чараларды көрүшкөн.

-Өзгөчө кырдалдар министрлигинин Жалал-Абад шаардык бөлүмүнүн шашылыш билдирүүсүн негизинде Жарандык коргонуу комиссиясынын мүчөлөрү жыйналып, жээктерди бекемдөө иштерине өз учурунда материалдык жана техникалык жардам көрсөтө алдык. Буга шаардык мекеме-ишканалар да активдүү катышышты, – дейт ал.

Алынган маалыматтарга караганда, Көк-Арт дарыясынын шаардагы “Көк-Арт” кичи районунун Сузак району менен чектеш жайгашкан аймагындагы 150-200 метр жээктерин да суу ташкындары жэп кеткен эле. Ал жерде да жээктерди бкемдөө, суу каптоолордун алдын алуу иштери жүргөн. Азыркы учурда шаар аймагын суу каптоо коркунучу жок.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 53 = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: