Menu

КР УИАнын окумуштуулары KAREN конференциясына катышты

Бөлүшүү:

Мамлекет  ичиндеги байланыштын сапаттуу болуусу – туруктуулукка жол ачат. Мына ушул максат КР УИАнын окумуштуулары “Борбор Азиянын билим берүүчү жана изилдөөчү тармагы” менен чогуу  уюштурган “Борбор Азиянын билим берүүчү жана изилдөөчү жамааттарынын глобалдык академиялык тармакка кошулуусу аркылуу мүмкүнчүлүккө жетүүсү” регионалдык тармактык конференциясында негизги темалардан болду. Бул туурасында КР УИАнын басма сөз кызматы маалымдады.

Европа Комиссиясынын “Борбор Азиянын билим берүүчү жана изилдөөчү тармагы” (KAREN) долбоорунун алкагында өтүп жаткан бул экинчи конференция Борбор Азиянын жана башка өлкөлөрдүн академиялык жамааттарынын, илимий-изилдөөчү жана билим берүүчү мекемелер үчүн алдыңкы маалыматтык-коммуникациялык технологияларды сунуштаган  интернет провайдерлердин илимий изилдөө жана билим берүү жаатындагы маселелерди чечүүдө башын бириктирүүгө арналган.

Иш-чарада окумуштуулар Кыргызстандын негизги байлыгы – анын жарандары экендиги, адам потенциалын жогорулатуу, жаштарды тарбиялоо, илим-билимдин жеткиликтүү болуусу, Борбор Азиянын мамлекеттеринин жайгашуусунун жана проблемаларынын  окшоштугу менен айырмачылыгы, бирге иш алып баруусунун маанилүү экендиги, жаш лидерлерге жана кыз-келиндердин билим алуусуна, илимге, ишкердикке киришүүсүнө дем берүү аргалары жөнүндө пикир алышты.

Конференцияга катышкан КР УИАнын Суу проблемалар институтунун окумуштуу катчысы Тамара Тузова өзүнүн изилдөөсүнө токтолуп жатып иш-чара боюнча буларды айтты:

  • Компьютердик жогорку ылдамдыктагы байланыш Борбор Азиянын окумуштууларынын башын бириктирип, көп алгылыктуу иштерди жасаганга, илимий иштерге жана билим алуу максатына жеткенге шарт түзөт. Үч жыл мурда Кыргызстандын жана Тажикстандын илимдер академиясынын ортосунда кандидаттык жана докторлук ишти жактоо боюнча мамлекет аралык диссертациялык кеңеш түзүлгөн эле. Ал кеңеш Жер жөнүндө илим, гидрогеология, инженердик геология, муз катмарларын, жер кыртышын изилдөө, гидрология, гидрохимия, суу ресурстары боюнча актуалдуу маселелерге арналган. Түзүлгөн диссертациялык кеңеште Кыргызстандын, Тажикстандын жана Казакстандын окумуштуулары илимий иштерин жакташат. Жогорку ылдамдыктагы байланыштын жардамы менен жети илимдин доктору жана жети илимдин кандидаты илимий эмгек жакташкан.

Аскар Кутанов, КР УИАнын академиги:

  • Европа Комиссиясынын “Борбор Азиянын билим берүүчү жана изилдөөчү тармагы” уюштуруп жаткан экинчи регионалдык тармактык конференцияга 4 континентте жашаган 20 мамлекеттин өкүлү келди. Жогорку ылдамдыктагы байланышты колдонуу менен билим алуу айрыкча биздин жаштарга жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берет. Алар билим алып, илимин жактай алышат. Ошондой эле биз бир планетада жашап жаткан соң астероиддердин жылуу ылдамдыгын эсептөө да керек. Бул алардын Жерге түшүүсүн аныктап, алдын ала чараларды көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Аба ырайынын өзгөрүүсү боюнча да алгылыктуу иштерди жүргүзсө болот. KAREN уюштурган каналдар жакшы корголгон жана сапаттуу, тез ылдамдыкта болуп, аталган илимий иштерди жүргүзүүгө ыңгайлуу. Дагы жакшы тажрыйбабыз – Нью-Делинин Ош облустук ооруканасы, Бишкектеги кардиологиялык борбордун дарыгерлери, илимпоздору интернет аркылуу түз байланышта жүрөгү ооруган адамдын ден соолугу боюнча кеңешме өткөрүшкөн. Эми биз өз мамлекетибиздин ичиндеги байланышты жакшыртышыбыз керек. Жакынкы жылдары телемедицина өнүгөт. Бул көп көйгөйлөрдү чечүүгө жардам бермек. Мына бул конференция да регион аралык, мамлекет ичиндеги байланышты кантип колдонуу керектигин, ага байланышкан тажрыйбаларды көрсөтөт. Биздин долбоордун шарапаты менен Тажикстандын Санглок обсерваториясы космостогу планеталарга, астероиддерге байкоо жүргүзүүдө. Алар биздин тармакка биригип алып АКШдагы глобалдык борбор менен маалымат алмашканга мүмкүнчүлүк алышты.

KAREN алкагында иш жүргүзгөн “Кыргыз илимий жана билим берүүчү компьютердик тармагы” келечекте электрондук маданият боюнча да иштерди жүргүзүп жатат. Мисалга конференцияда Түркмөнстандын илимдер академиясынын Археология жана этнография институтунун окумуштуусу Түркмөнстандын маданий мурастары виртуалдык дүйнөдө деген аталыштагы билдирүү жасады. Виртуалдык музей аркылуу мамлекеттер бири-биринин маданиятын тааныганга мүмкүнчүлүк алат. Ошондой эле ал планга дүйнөлүк китепканалар менен байланыш түзүү, жождор арасында видеоконференция өткөрүү да кирген.

Конференция 25-26-апрель күндөрү “Манас” кыргыз-түрк университетинде өтүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: