Menu

JIA Бизнес Ассоциациясынын Башкаруу Кеңешинин төрагасы шайланды.

Бөлүшүү:

2017-жылдын 27-апрелинде Бишкек шаарында Бизнес Ассоциации JIA Жалпы жыйыны өттү. Анда 180ден ашуун ишкер-мүчөлөр катышып, дирекция тарабынан жалпы жана каржылык отчету сунушталды. Ассоциациянын Жобосуна ылайык, Башкаруу кенешинин мүчөлөрү жана төрагасы жалпы мүчөлөрү тарабынан 2 жыл сайын шайланып турат. Кечээ өткөн Жалпы жыйында жаңы төрага болуп, бир добуш менен Темирбек Ажыгулов шайланды. Ал эми Башкаруу кеңешинин курамына Семетей Омургазы уулу, Жаңылсынзат Турганбаева, Жоодар Сайдилканов,  Кантемир Амитов, Жеңишбек Өмүрзак уулу, Нарбек Абдуллаев, Урмат Акматов, Муратбек Бейшенбаев, Алмазбек Шарабидинов жана Шатман Борбоев кирди. Бул туурасында JIA Бизнес Ассоциациясынын басма сөз катчысы маалымдады.

Темирбек Ажыкулов – “Бейонд Инвестмент Групп” консалтинг компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири. Эмгек жолун эл аралык инженердик-курулуш консалтинг компаниясында баштаган. Тоо-кен өндүрүү тармагынын изилдөө-чалгындоо этаптарында жаңы долбоорлорду ишке ашырууга, андан сырткары өндүрүү жана өнүктүрүү тарабына катышкан. Ошондой эле, Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзгөн Эл аралык нефти-газ компаниясынын башкы директору болуп иштеген. Ошону менен катар, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын коомдук кенешчиси; КРнын Өкмөтунүн алдындагы Бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча кеңешинин секретариатынын кеңешчиси; бизнеске тиешелүү көтөрүлгөн маселелерди талкуулоо үчүн Өкмөттүн алдында түзүлгөн бир канча жумушчу топтордо мүчө болуп, активдүү иш алып барган. Жогорку окуу жайын Кыргызстан эл аралык университетинде бүтүргөн. Ал эми бул жылы Сингапур улуттук университетинин  Башкаруу Кеңешинин төрагасы шайланды.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 46 = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: