Menu

Алмамбет Шыкмаматов, ЖКнын депутаты: «Жүк ташыган учактын ээси болгон компания 36 миллион долларды камсыздандырган компаниядан алды»

Бөлүшүү:

— Алмамбет Насырканович, Дача-СУ аймагындагы үйсүз калгандарга Бакиевдердин жерин бергиле деп айттыңыз. Бул айтканыңыз жөн гана популисттик эмеспи? Аларга талашка түшпөгөн жерди берсе болбойбу?

— Скрябин-45 дарегиндеги улутташтырылган, азыр мамлекеттин карамагындагы жерди Дача-СУлуктарга берсин дедим. Ал мурун Ширшовго тийешелүү жер болчу. Сот аркылуу мыйзамдуу түрдө мамлекет өзүнө өткөрүп алган. Ошол жерди Дача-СУлуктарга берип койсо абдан жакшы болмок. Качанкыга чейин коркуп жашашмак эле. Каңырыш кеп аябай катуу кетип жатат. Бакиевдин үйүнө барып там салып алганга эч кимдин акысы жок.

— Дача-СУдагы кулаган учактагы жүктүн ээсине 36 миллион доллар төлөнүп берилиптир деп жатасыздар. Жүктүн ээси ким экени айтылбай жатса, кимге төлөнүп берилет?

— Жүк ташыган учактын ээси болгон компания 36 миллион долларды камсыздандырган компаниядан алды. Алар биздин өкмөткө 600 000 доллар берди. Бул өтө арзан жана тил эмизген кеп. Ошондуктан биз тынчтык келишимге барбагыла, акырына чейин туруп, Монреаль конвенциясынын талаптарына ылайык кеминде ар бир жаран 300 000 доллар алыш керек деп айтып жатабыз. 600 000 доллар эки кишинин гана компенсациясы.

Булак: “Жаңы Ордо”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 89 = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: