Menu

Ашхабаддагы мамлекеттик дүкөндөрдө кайрадан чылым сатылбай калды

Бөлүшүү:

30-апрелден тарта Ашхабаддагы мамлекеттик дүкөндөр менен соода жайларында кайрадан чылым сатылбай калды. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматынын өз булактары билдиришти.

«Акыркы жолу биз чылымды 29-апрелде сатып алганбыз, азыр болсо кайсы гана дүкөнгө кирбейли жок. Сатуучулар текчелерде тамеки качан пайда болорун так айта албай жатышат», – деди Ашхабаддын тургундарынын бири.

Өлкөдө жеке дүкөндөрдө чылым тымызын сатылууда. Анда тамекинин бир кутусунун баасы 45 манатка чейин жетет. Европа өлкөлөрүндө жана Дубайда өндүрүлгөн чылымдын баасы 85-120 манатты түзөт. (расмий курс боюнча 1 АКШ доллары 3,5 манатка барабар).

Түркмөнстанда чылым чегүүгө каршы 2017-2025-жылдарга улуттук программа кабыл алынган. Бийлик 2025-жылга карата Түркмөнстанды тамеки чекпеген өлкөгө айлантуу ниетин билдирген жана жеке дүкөндөрдө чылым сатууга тыюу салган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: