Тажикстандын Согди облусундагы «Спитамен – Текстайлз» ири ийрүү фабрикасы төрт айлык тыныгуудан кийин кайра иштей баштады.
Ишкана ишин керектүү чийки заттардын жоктугуна байланыштуу токтоткон. «Спитамен-Текстайлздын» директору Абдулкодир Бакоев фабрика өндүрүштү калыбына келтиргени менен анын туруктуу иштеши чийки заттын бар-жогуна жараша болорун айтты:
— Азыр биз 150 тонна пахта буласын алдык. Чийки зат эч жерде жок болуп атат, ар кайсыл жерден аз-аздан сатып алдык. Албетте алардын баалары да ар башка болду.
Анын айтымында, өткөн жылдын соңунда пахта буласынын тоннасы 1 300 доллар болсо, учурда 1 600 долларга чейин жогорулап кеткен. «Чийки пахтанын тартыштыгы 7 ай — февралдан сентябрга чейин сезилет. Бул айларда өкмөт ички өндүрүш ишканаларын чийки заттардын запасы менен камсыздап бериши керек эле. Бул ата мекендик ишканалар үчүн чоң колдоо болмок», – деди Бакоев.
Учурда жергиликтүү фабрикалар пахта буласын дүйнөлүк баада сатып алып жатышат.
«Спитамен-Текстайлз» ийирүү ишканасы 2009-жылы иштеп баштаган. Ал жылына 3500 тоннага чейин пахта буласын кайра иштетип чыгарууга кудуреттүү. Жалпысынан Согди облусунда 7 ийирүү фабрикасы бар.
Булак: Борбор Азия жанылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ