Menu

«Тазакоом» улуттук долбоорун ишке ашырууда китепканалардын ролу» аттуу «Китепканадагы кадыр түн» акциясы болот

Бөлүшүү:

“2017-жылдын 16-майында саат 1600дө Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында  «Тазакоом» улуттук долбоорун ишке ашырууда китепканалардын ролу» аттуу «Китепканадагы кадыр түн» акциясы болот. Акциясынын максаты – сиздер менен биз биргелешип мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындыгын камсыздап, Кыргызстан элинин жашоо сапатын көтөрүп, коопсуздугун чыңдоодо ар кимибиз салым кошо алаарыбызды көрсөтүү.   Бул түнү китепканада бир эле убакта 60тан ашык иш чара өтүп, 3000ден ашуун адамдар катышышат. Бардык каалоочулар үчүн китепкананын эшиги ачык” – деп билдирди улуттук китепкананын басма сөз кызматы.

Кадыр түндө төмөнкү иш – чараларына күбө болосуздар!

  • Көргөзмө: «Сен ак болсоң, мен ак болсом – коом таза болот!»
  • Лекция: «Кыргызстандын экономикасынын акту алдуу проблемалары”
  • Сырдуу оюндар: («Китепканадагы жашыруун сырлар», «Мафия», «Түнкү жомоктор»);
  • Мастер-класстар: (“Үй-бүлөлүк адабий майрам”, Улуттук Тогуз коргоол оюну, каллиграфия, улуттук оюуларды кесип жасоо, Йога, Цигун, Астрология);
  • «Францияда билим алуу» Француз альянсынан сунуш
  • Тренинг “Оратордук чеберчилик”;
  • 2017-жылдын эңпопулярдуу кино-тасмасы «Уламыштар» – «Саякбай манасчы» Фондунан;
  • Айтматовду кокуулар
  • Басмаканалардын китеп жарманкелери, белгилүү жазуучулар менен жолугушуу, поэзия кечеси
  • Балдар модасы;
  • Шаардык Демилгелер Фондунун бет ачары
  • Презентация: Роботтор, 3д принтерлер
  • Жаштар прессасынын парады
  • “Үй-бүлөлүк окуу” театрлаштырылган конкурстар;
  • Театралдаштырылган инсценировкалар, КВН-ШОУ
  • Акысыз окурмандык билет алуу;
  • Кофе жана Чай дегустациялары
  • Көрүнүктүү артисттердин концерттик программасы
  • Китепкана боюнча экскурсиялар  ж.б. көптөгөн кызыктуу иш-чаралар Сиздерди күтөт.

Дареги: Бишкек ш., Ю. Абдрахманов көч., 208

Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы

Тел.: 30-46-95, 30-46-75

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: