Menu

Мисирейген министр Исакунова…

Бөлүшүү:

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигин Кудайберген Базарбаев башкарган кезде алгылыктуу иштер жүргөнүн жалгыз гана жамааты эмес, бүткүл эл билет. Чет өлкөлүк жарандарга кароосуз калган балдарды саткан жагынан таанылган министрликтин ишин жөнгөрүп, алкоого арзый турган нерселерди жасап кетти. Албетте, партиялык система же коалициялык башкаруу деген балакеттер жок болгондо Кудайберген мырза азыр деле башкара бермек, себеби ишин кынтыксыз аткарып келген эле.
Андан кийин Таалайкүл Исакунова деген айым келип, бүгүнкү күндө жетектеп отурат. Тилекке каршы, эмне кылып жатканынан кабарыбыз жок. Жамаатынан кабак-кашы ачылбаган, мисирейген министр экенин эшиттик. Мүмкүн жактырбаган кишилерине карата ошондой мамиле күтүп, аларга терс маанайды жараткандыр. Айтор, алгылыктуу иш байкалбай турат, ушундай тымпыйган кезде чоң балакеттер катталып, былыктар чубалчу эле. Исакунова эски өнөкөттү күчөтпөгөй эле…

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 + = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: