Menu

Жалал-Абад: Билим Берүү Министри тармактын материалдык базасын чыңдоодо коомчулук менен чогуу иштешүүгө чакырды

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалыматына таянсак, КРнын Билим берүү жана илим министри Гульмира Кудайбердиева Жалал-Абаддагы билим берүүчү айрым мекемелер менен таанышып, окуу жайлардын, мектептердин, бала бакчалардын жетекчилери менен жолугушуп, билим берүү тармагына түрдүү өзгөртүүлөрдүү киргизүү жагы пландалып жатканын билдирди.

Министр Жалал-Абад шаарындагы билим берүү кызматкерлери менен маңдай-тескей отуруп, ушул тармакта орун алган кемчиликтер тууралуу кеңири баарлашкысы келгенин айтты.

-Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, шаарда дагы 5 бала бакча, 5 мектеп жетишсиз экен. Андан сырткары, техникалык базалар да жетишсиз экенин шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы өзү айтып өттү. Дагы бир баса белгилей кетчү нерсе, жылдан-жылга шаарда жашоочулардын саны көбөйгөн сайын мектеп окуучуларынын, бала бакчага баруучу балдардын саны да көбөйүп жатат. Ошондуктан, билим берүү мекемелеринин санын көбөйтүү керек. Жыл сайын өлкөбүздө жаңы бала бакчалар, жаңы мектептер курулуп жатат. Жалал-Абад шаарында жергиликтүү бюджеттин эсебинен айрым бала бакчалар курулуптур, бул жакшы көрүнүш. Мамлекетти карап отурбастан эле коомчулуктун муктаждыгын жоюуга кам көрүү туура деп ойлойм, – деди ал.

Министр менен жолугушууга келген жетекчилер өздөрүнүн көйгөйлүү маселелерин ортого салып, суроолорун берип, жоопторду ала алышты.

Министр  иш сапарында Жалал-Абад шаарындагы балдардын түрк лицейинде, №75 кесиптик лицейинде болуп, андан соң иш сапары Сузак райондук  балдар үйүндө улантылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 + = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: