Саясый элита менен интеллигенциянын көпчүлүгү Мыктыбек Абдылдаевдин президенттик шайлоого чыгуусун колдошкону, ошого катар карапайым калктын дагы назары түз экени белгилүү. Тилекке каршы, кендирди кескен миллиондогон долларбайлардын жоктугу Мыктыбек байкени аксатып аткандай. Азыр эң ириде шайлоого чыгуу үчүн акчаң болбосо, акылман сөзүң деле суу кечпей калышы ажеп эмес. Себеби, заман ушундай. Керек болсо биртууганың да колуңду карайт. А биздин каарманыбыз өмүр бою мамлекеттик кызматтарда таза иштесе, айлык менен жашап келсе, анан кайдагы байлык болмок эле? Башкасын айтпасак да, шайлоо жарышында эл кыдырып, пиар иштерин жүргүзүүгө да оңбогондой каражат кетет. Жети өлчөп, бир кескен Мыктыбек мырза бирөөнүн акчасын алып, ага кийин көз каранды болгусу келбесе керек. Ошентип, биз күткөн лидер президенттик шайлоого аттанбай калдыбы?
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ