Menu

2017-жылдагы жайкы каникулду өткөрүүгө республикалык бюджеттен 5 млн сом бөлүндү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова бүгүн, 18-майда, балдардын жайкы каникулун уюштуруу жана  2016-2017-окуу жылынын аякташына байланыштуу 2017-жылдын 25-майында «Акыркы коңгуроо» салтанаттуу иш чарасын өткөрүү боюнча жыйын өткөрдү. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 2017-жылдагы жайкы каникулду өткөрүүгө республикалык бюджеттен 5 млн сом бөлүндү. Эми ал каражат жайкы каникулду өткөрүү максатында борбордук профсоюздар комитетине өткөрүлүп берилет.

Быйылкы жайкы эс алуда республика боюнча 582 лагерь балдарды кабыл алууга даяр, аларда жалпы болуп 23 миң 966 балага орун бар. Жайкы эс алуу жайларында коопсуздукту жана тартипти сактоо үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 1255 кызматкери иштейт.

Учурда лагерлерге бара турган балдардын тизмеси такталып, мугалимдерди даярдоо иштери жүрүп жатат. Министрлик жана жергиликтүү органдар тарабынан тиешелүү каражаттар бөлүнөт.

Чоң-Алай районундагы жер титирөөдөн жабыркаган үй-бүлөлөрдүн балдарынын тизмеси да такталды. Алар 1-4 жана 5-9-класска чейинки мектеп окуучулары. Тизмедеги окуучулардын бардыгы жайкы эс алуу жайларына барышат.

«Өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн балдарына, биз жайкы эс алуу уюштурууну приоритет катары карашыбыз керек. Жайкы эс алууга чыга албаган балдарга жергиликтүү денгээлде кызыктуу жана билим берүү иш-чараларын уюштуруу жөнүндө маселени кароо керек», – деди Чолпон Султанбекова.

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова өзгөчө жайкы эс алуу маалында балдарды тамактандыруудагы коопсуздук жагын жана аларды унаа менен  лагерлерге жеткирүү учурунда ИИМ органдарына чоң жопкерчилик жүктөлө турганына басым жасады.

«Аймактардагы коомдук секторлордун өкүлдөрү райондордогу балдардын санын тактоо жана дайындарды өткөрүү үчүн жеке турак-жай лагерин камсыз кылышы керек. Оорулардын алдын алуу боюнча Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти менен ички иштер министрлиги тиешелүү текшерүү иштерин жүргүзүшү керек. Уюштуруу иштерин жакшылап иштеп чыгууну сурайм, анткени бул балдарга тиешелүү маселе», – деди вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова.

2016-2017-жылдагы окуу жылынын аякташына байланыштуу25-майда  өткөрүлө турган «Акыркы коңгуроо» салтанаты боюнча Чолпон Султанбекова бүгүнкү күндөн баштап, профилактикалык иштерди жүргүзүү керектигин, коопсуздук, бүтүрүүчүлөрдүн башаламандыгы жана мыйзамсыз акча чогултууларды көзөмөлдөө зарылдыгын белгиледи.

«Эгерде ушундай фактылар катталса, директорлор жеке жоопкерчиликке тартылат», – деди вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова.

Ички иштер министрлиги тарабынан республика боюнча   салтанаттуу иш чаралар маалында коомдук тартипти сактоо максатында 4 миңден ашык милиция кызматкерлерди тартылат.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: