Menu

Табылды Акеров, саясат таануучу: «Атамбаевдин бийлиги жаш саясатчыларга “мураскер болуп калышың мүмкүн” деп өзүнө жан дили менен иштетүү үчүн ушундай ыкманы колдонду»

Бөлүшүү:

— Табылды мырза, сиз буга чейин С. Исаков, А. Сегизбаев, Т. Жумакадыровдорду президенттикке кандидатураларын коюп калат деген пикирге кошулбай келдиңиз. Сиз КСДП улуу муундагы саясатчыларга токтолоорун айтып келгенсиз. КСДПнын кечээ күнү өткөн парткеңешинде президенттикке талапкер катары Сооронбай Жээнбековдун ысымы аталды. Муну кандай түшүндүрсө болот? КСДП жаштарга ишеним артуудан чоочуркадыбы?

— Буга чейин ММК дайыма жаштардын – С. Исаковдун, А. Сегизбаевдин, Т. Жумакадаровдун аттарын атап келишти. Бирок, мындай аракеттерге Акаев, Бакиевдин доорунда барууга мүмкүн болсо керек деп ойлойм. Бүгүнкү күндүн реалдуулугу жогоруда аталган мамчиновниктердин президенттикке ат салышуу мүмкүнчүлүгү аз экенин көрсөтүп жатат. Эң оболу президенттикке ат салышууга чыгып жаткан киши элге таанымал (публичный) саясатчы болушу абзел. Ал эми тиги үчөө тен андай саясатчылардын катарына кирбейт. Буларды региондордо эч ким тааныбайт. С. Жээнбеков, Ө. Бабанов, Т. Сариев, Б. Төрөбаев, А. Келдибеков, А. Мадумаров, К. Ташиевдерди буларга караганда алда канча көбүрөөк таанышаары талашсыз. Ошого, менимче КСДП туура чечим кабыл алды деп ойлойм. Кыргызстандын шартында президентикке талапкер өтө таанымал адам болушу шарт. Жаш кандидатты сүйрөп чыгуу алда канча кыйынга турат да. Мисалы, муну ишке ашыруу үчүн компьютердик добуштарды саноону толугу менен контролго алып, эл ишенгендей кылып добуштарды уурдоо талап кылынат. Ал эми бул өтө татаал да. Ал эми кандидат таанымал болсо, көп проблема жаратылбайт.

— Анда эмне үчүн Атамбаевдин тегереги буга чейин ММКлардын беттерин бербей, өзүлөрүн мураскер кылып көрсөтүп келди? Атамбаев да буга унчуккан жок да?

— Бул суроого жооп оңой эле. Эсиңиздерде болсо, Акаев, Бакиевдин учурунда президенттикке талапкер болууга аракеттеген мамчиновникти дароо иштен айдап, анан ага кылмыш ишин ача салышчу. Бүгүн болсо, Президентке эң жакын деп аталган адамдар атайы пиарланып, келечектеги мураскер дегендей жар салынып жатты. Бул бир эсептен элдин көңүлүн башка жакка буруп, Атамбаев экинчи мөөнөткө барбайт экен, жаштарга жол бошотот экен дегендей пикир жаратуу үчүн колдонулган. Мына ушундай аракеттер элдин революциячыл маанайын суутуп туруу үчүн колдонулду. Эл эмки президент жаштардын бири болсо жакшы болмок деген мүдөөсүн канааттандырчудай кабыл алынып жатты. Башкача айтканда Атамбаевдин бийлиги бул жаш саясатчыларды рекламалоо менен революциячыл маанайдын чыгып кетишинин алдын алды. Ошол эле учурда, бийлик буларды өзүнө жан дили менен иштетүү үчүн ушундай ыкманы колдонду десек болот. Мына ошого мураскер болуп калышым мүмкүн деген ойго жетеленип алып, булар президент айткыча эле саясатчыларга кылмыш ишин ачып, аларды олтургузуп жатышпайбы?

— Күзүндөгү президенттик шайлоодо негизги талапкерлер кимдер болот деп ойлойсуз? Сооронбай Жээнбеков, Өмүрбек Бабанов жана Бакыт Төрөбаевдин шанстары кандай?

— Менимче, күзгү президенттик шайлоолордо С. Жээнбеков негизги талапкер болот. Сооронбай Жээнбековдун президент болчу шансы да жогору. Андан кийин Т. Сариев жана Б. Төрөбаевдер болот.

— Сиздин болжооңуз боюнча кимиси жеңишке жетишиши мүмкүн? Эмне себептен?

С. Жээнбеков, Ө. Бабанов, Т. Сариевдер өлкө боюнча жалпы коомчулукка таанымал саясатчылар. С. Жээнбековдун фамилиясы түндуккө да аттын кашкасындай таанымал. Жээнбековдордун бири илгери Ысык-Көлгө губернатор болгон. Башкача айтканда түндүктүн кландары бул фамилияны жакшы тааныйт десек болот. С. Жээнбековду түштүктүк кландар да колдой тургандыгын жакында болуп өткөн булардын жыйыны көрсөттү. Ошол эле учурда Ө. Бабанов, Сариев да оңой кандидат эмес. Буларды өлкөнүн түндүгү да, түштүгү да тааныйт. Бабанов премьер болуп иштеп турганда бир топ реформаларды жасоого аракет кылды. Ошого ал азыртан эле өзүн реформатор катары көрсөткүсү келүүдө. Бабановду өтө акчалуу саясатчы деп билишет. Сариевдин салмагы да түзүк. Эгерде Сариев мыкты шайлоо компаниясын жүргүзсө, бул да фаворит кандидат болуп калышы мүмкүн. Темир Сариевге Орусия да көз салып калышы турган иш. Бирок, С. Жээнбеков, Ө. Бабанов же Т. Сариев же дагы бир түндүктүк оор салмактагы саясатчы менен тандемге барып калса, анда алдыдагы 6 жылдыкта С. Жээнбеков жана анын тандемдеши Бабанов, Сариевдер алдыңкы катардагы саясатчылардан болушары анык.

— Жээнбеков ким менен тандем түзүшү мүмкүн?

— Айтуу кыйын. Бирок, ал улуу муундагы, орусиячыл саясатчы болушу мүмкүн. Анан да ал чүйлүк болгону өтө маанилүү болсо керек деп ойлойм. Ошондо Жээнбеков түндүктөн жана Бишкектен Бабанов, Сариевдер менен теңтайлаша алат.

— Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев үчилтигинин шанстары кандай?

— Бул саясатчылар шайлоого ат салышабыз деп жар салгандарына көп убакыт болду. Бирок, бири да озунуп, так билдирүү жасай элек. Сыягы булар бир кандидатты колдошору мүмкүн. Алдыдагы 6 жылдыкта чоң саясатта болуш үчүн Келдибеков, Ташиевдер “Ата Журт” партиясын кайра жандандырышы абзел. Кыязы, бул топ Орусиянын колдоосуна ээ болушпаса, президенттик шайлоолордо негизги кандидаттардын бирин колдойт. Жээнбековду колдошоору да мүмкүн. Бирок, Орусия Мадумаровду колдоп коюшу толук мүмкүн.

— Өмүрбек Бабанов тууралуу кара пиар эмнеге күчөп жатат? “Бабанов жакында камалат”, “Бабанов кидальщик” деген ушактардын тарашы эмне себептен?

— Бабанов негизги фавориттердин бири. Анын негизги атаандаштары катары Жээнбеков жана Сариев болушат. Түштүктөн бул тизмени Төрөбаев толуктайт. Ошондуктан, бүгүн ал тууралуу ар кандай болумуй да, болумуй эмес да тирукмуш сөздөр айтыла баштады.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − 55 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: