Алманбет Шыкмаматовго карата козголгон кылмыш ишине байланыштуу тергөө аяктап, иш сотко өткөнү белгилүү. Бирок негедир сот олтуруму улам артка жылдырылып жатканы түшүнүксүз. Эгер Алманбет Шыкмаматовдун сөзүнө ишенсек, анын эч кандай күнөөсү жок, ага каршы иштердин баары саясый куугунтук. Анда неге Алманбет мырза сотко ар кыл өтүнүч келтирип, тосмо арыз жазып, соттук иштин башталышына, башталса өзүн актап алышына шашылбайт? Эске салсак Башкы прокуратура Шыкмаматовго коррупция беренеси боюнча 2011-жылы Эсептөө палатасынын аудитору болуп турганда бир катар жооптуу аткаминерлер менен тымызын сүйлөшүп алып, жасалма тендер өткөргөнгө аралашканын, аялынын автоунаасын кымбат баага сатканы боюнча айып тагылууда.
Булак: “Жаңы Ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ