“Тилекке каршы биздин өлкөнүн ичинде да грант үчүн же саясый дивиденддер үчүн өлкөнү олку-солку кылууга, жамандыктан, улуттар аралык же чек ара кагылыштарынан, адам канынан пайда табууга даяр турган кескилер толтура, ачык эле айтам кескилер!”- деди бүгүн, 29-майда өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн 25 жылдыгына арналган салтанатта чыгып сүйлөп Алмаз Атамбаев.
“Эсиңердеби, Өзбекстан менен чек ара жаңжалы болгондо айрым саясатчылар кузгун сыяктуу ошол жерге жетип барышкан. Жергиликтүү элди согуш баштоого чакырган. Алар кескилер!” – деди Алмаз Атамбаев.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ