Menu

Сүйүнчү пул сындуу мамлекеттик жөлөкпулдар белгиленген мыйзам долбоорунун концепциясы каралды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 1-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзам долбоору каралды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Турсунбеков Ч.А., Орозова К.Б., Молдобекова Г.С., Тиллаев Т.Г., Примов У.Б., Токторов А.С., Самигуллина А.Э., Артыкбаев О.М., Осмонова А.Ш., Мусабекова Ж.А., Алтыбаева А.Т., Жээнбеков А.Ш., Касымалиева А.К.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Карамат Орозованын айтымында, мыйзам долбоору балдары бар үй-бүлөлөрдүн жана пенсия менен камсыз болууга укугу жок эмгекке жараксыз адамдардын мамлекеттик жөлөкпулдарга жетүүсүн жөнөкөйлөштүрүү жана мамлекеттик жөлөкпулдар үчүн кайрылууда коррупциялык тобокелчиликтик максималдуу кыскартууну камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.

Балдары бар үй-бүлөлөргө алардын кирешесинин деӊгээлине карабастан мамлекеттик колдоо көрсөтүү аркылуу мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөө тутумун реформалоосу сунуш кылынат. Сунушталуучу мыйзам долбоорунда мамлекеттик жөлөкпулдардын төмөнкүдөй түрлөрү сунуш кылынат:

– бала төрөлгөндө бир жолку жөлөкпул (сүйүнчү);

– үч жашка чыкканга чейин баланы багуу боюнча ай сайын жөлөкпул;

– 3 жаштан 14 жашка чейинки жаштагы (менчигинин түрүнө карабастан билим берүү уюмдарынын окуучуларына алар 16 жашка толгонго чейин) үч жана андан көп балдары бар жарандарга (үй-бүлөлөргө) ай сайын жөлөкпул;

– ай сайын социалдык жөлөкпул.

Талкууда депутат Акылбек Жапаров мыйзам долбооруна карата КР Өкмөтүнүн корутундусуна кызыгып, мыйзам долбоору кабыл алынып калса, мыйзамды аткарууга каражат жетеби деген маселени койду. Депутаттын пикиринде, мыйзамды аткаруу үчүн 8 млрд сомдун тегерегинде каражат керек болот. Өкмөт өкүлдөрүнүн айтымында, бул мыйзамдын күчүнө киришин 2018-жылдан баштап белгилөө керек.

Депутаттар Элвира Сурабалдиева, Аида Касымалиева дагы мыйзам долборун колдоого чакырып, анын кабыл алынышы менен жер-жерлердеги энелердин турмушу жеңилдерин билдиришти. Максаты жакшы болгону менен аны ишке ашуусу кыйын деген пикирин депутат Исхак Масалиев ортого салды. Депутат Жанарбек Акаев майып баласы менен алектенип, башка ишке убактысы болбой жаткан энелер көп экенин белгилеп, мыйзам долбоору колдоорун айтты.

Мыйзам долбоорунун концепциясы добуш берүүгө жиберилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − 25 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: