Menu

Рамис Рыскулов, эл акыны: “Шайыра менин телохранителим, спутнигим, маягым. Биз экөөбүз бирге чуркап, алдыны көздөй умтулган деңизбиз”

Бөлүшүү:

Эл акыны Рамис Рыскуловдун жубайы Шайыр Рыскулова өмүрлүк жолдошун бөпөлөп багып келет. Экөө бирге 45 жылдан ашык чогуу өмүр сүрүшүптүр. Бүгүн да аппак көйнөк, кычыраган костюм-шым кийген акын менен жубайы Шайыр эже ээрчишип жүрүшүптүр.

– Рамис ага, сиз айтыңызчы, Шайыр эже сиз үчүн кандай жубай болду? Арнап жазган ырларыңыз барбы?

– 32 жашыма чейин бойдок болуп, бойдокчулуктун азабын тартып жүргөндө тапкан жарым Шайыра. Бир армия солдатты тизип койсоң да мени Шайырадай коргой албайт. Шайыра менин колдоочум. Мени колдогон, чыгармачылыгымды түшүнгөн жан. Телоохранителим, спутнигим, маягым. Биз экөөбүз бирге чуркап, алдыны көздөй умтулган деңизбиз. Чоң дайрабыз.

Шайыр Рыскулова: «Чыныбай Турсунбеков берген ун түгөнүп, ошонун кабына Рамистин ырларын чогултуп атам»

-Шайыр эже, тагдырлашыыз Рамис аганын жубайы болдуңуз, өкүнүчүңүз жокпу?

– Бул киши менен бирге жашаганыма 45 жылдан ашты. Турмуш деген турмуш экен. Ар кандай кыйынчылыктар болду. Баары өтүп кеткенден кийин оор, кыйын деп айтыш туура эмес. Жашоо бирде ачуу, бирде татуу болот экен. Күрөштүк, жеңдик, жеңилдик. Рамисти жалпы эл билет. Чыгармачыл чөйрө андан жакшы билет. Ракем чыгармачылыгы менен алектенип, эринсе сүрөт тартат. Чарчап кетсе редакцияларды түгөлдөп, жакшы тааныштарына барып, ошолор менен көрүшүп келет. Мен болсо аял болгондон кийин, таланттуу акындын жубайы, тагдырлашы болгондон соң баары сага бирөө талап коёбу-койбойбу, үйдүн очогу, баарынын энеси болуп, ошол милдетиңди өтөшүң керек. «Чарчадым, чаалыктым» дебей майда-чүйдө нерсеге чейин көңүл бөлүп турушуң керек. Жашоого нааразы боло берүү да жакпайт. Жакшы нерсени да айтыш керек. Рамиске турмушка чыккандан бери отун алган жокмун, от жаккан жокмун. Абышкамдын аркасы менен жылуу үй, жакшы турмушта жашап келем. Эл айткандай, батирден батирге көчкөнүм жок. Тагдырыма ыраазымын. Мен бактылуу аялмын.

– Канча балаңыздар бар? Неберелер чоңоюп жатабы?
– Эки кызыбыз бар. Бирөө 50 жашка, экинчиси 40ка чыгып калды. Кудайга шүгүр, неберелер чоңоюп жатат. Улуу кызыбыз турмуштан жолу болбой, азыр колубузда. Анын эки уулу бар. Чоңураак неберем сүрөттү жакшы тартат. Пластилинден түркүн жандыктарды жасайт. Кадимкидей курак кылып, жээктеп, түркүн өң менен кооздоп келтирет. Талантын байкап, сүрөт ийримдерине бергенбиз. Азыр айнекке, кездемеге сүрөт тартат.

– Калемдештер, достор менен чай ичишип турасыздарбы?

– Рамисттин көп эле калемдештери менен мамилеси жакшы. Баарына көңүлү түз. Баарын жакшы көрөт. Бирөөнүн бир жерден итчилиги кетсе, бир жеринен жакшылыгы жууп кетет. Көпчүлүгүнө барып, жамандык-жакшылыктарына катышып турабыз. Далай залкарлардын көзү өтүп кетти. Аларды эскерип кейийбиз. Айтор, жашоо ушундай.

– Экөөңүздөр бош убактыңыздарды кандай өткөрөсүздөр?

– Экөөбүз бай-байбиче болуп жакшынакай сөздөрдү сүйлөшүп отурганда, жашоо буга Шайыранын шайы көйнөгүндөй жайкалат. Ал эми урушуп-талашып калсам, бул дүйнө Шайыра салган чырга окшоп калат. Бош убактыбыз деле өтө аз болуп калат. Андай убактыбызды гезит-журнал, китеп окуп өткөрөбүз. Көпчүлүк акын-жазуучулар үйгө чейин келип, китептерин таштап кетишип, «окудудуңузбу» деп сурашат. Алардын китептерин окуйбуз. Кадыркул Өмүркулов бизге «Мөңгүнүн ыйы» деген китебин жазып берген. Толстойдукундай чоң китеп экен. Экөөбүз катарлаш окуп калдык. Рамис окуп жатып, уктап калат. Анан анын курсагынын алдынан сууруп алып мен окуйм. Түгөлбай Казаков «Эсимде» деген эскерүү китебин берип, аны окуп алып ыйладым.

– Ыр акенин акыркы жыйнагы качан чыкты? Акыркы ырлары бир топ чогулуп калса керек?..

– Бүгүнкү заманга керектүү компьютер, принтерлери менен алганбыз. Өзүм көп жыл академияда иштебедимби, компьютерди жакшы терем. Абышкамдын ырларын терип чогултум жатам. Бир күнү белгилүү акын Асан Жакшылыков «Шайыр, сиз Ыр акенин акыркы ырларын эч кимге көргөзбөй деги эмне кылып жатасыз?» деп сурап калды. «Акундун» чоңу Чыныбай Турсунбеков берген ун түгөнүп, ошонун кабына чогултум жатам» десем ыраазы болуп күлүп калды. Убактысы келип калса абышкамдьш ырлары жарыкка чыгып калаар.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − 66 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: