Британ полициясы 3-июнда Лондондогу терактты жасоого шектелген эки кишинин аты-жөнүн атады.
Маалыматка караганда, алардын бири 27 жаштагы Хурам Батт аттуу жаран. Ал үй-бүлөсү менен Лондондун чыгышындагы Баркинг районунда бир нече жыл жашаган. Полиция Батт буга чейин эле укук коргоо органдары менен МИ-5 кызматына белгилүү болгонун билдирүүдө. Ал Пакистанда туулган британ жараны болгон.
Экинчи шектүү 30 жаштагы Ричард Рэдуэйн Рашид Эльхдар деген дагы ысымды алып жүргөн жана мурда полицияга белгисиз болгон. Ал Ливия менен Марокко өлкөлөрүнүн жаранды болгон.
Лондон полициясынын өкүлдөрү учурда үчүнчү шектүүнүн тек-жайын аныктоо иштери уланып жатканын билдиришти.
Үч шектүү тең Лондондогу көпүрөдөгү жана андан кийинки Бороу Маркет базарындагы кол салуулардан бир нече мүнөттөн кийин полиция тарабынан атылып өлтүрүлгөн.
3-июндагы терактта 7 адам каза болуп, ондогон киши жаракат алган. Алардын көбү учурда ооруканада.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ